Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
347-берене. Акциздерден бошотуу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 42-глава
1. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ченемдер боюнча жеке адамдар тарабынан импорттолгон акциздик товарларга акциздер салынбайт.
2. Төмөнкү импорттолуучу товарлар акциз төлөөдөн бошотулат:
1) жүктөрдү, багажды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон товарлар, жол жүрүү учурунда жана орто жолдогу токтоо пункттарында;
2) ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосун кошпогондо, ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ташылуучу, ЕАЭБ бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар;
3) конфискацияланган, ээсиз баалуулуктар, ошондой эле мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн баалуулуктар.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, экспорттолгон акциздик товарларга салык төлөөчү мындай товарларды экспорттоону ырастаган шартта акциз салынбайт.
Акциздерди төлөөдөн бошотуунун негиздүүлүгүн ырастоо үчүн салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына бир эле убакта акциз боюнча салык отчету менен кошо ушул Кодекстин 303-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган документтерди берет. Мында салык төлөөчү акциздик товарлар жөнөтүлгөн күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде мындай документтерди салык органына берүүгө укуктуу. Ушул бөлүктө белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин акциздик товарларды экспорттоо ырасталган учурда, акциздердин төлөнгөн суммасы ушул Кодекстин 93-беренесине ылайык эсепке алууга жана/же кайтарып берүүгө тийиш. Мында экспортко акциздик товарларды сатуу ырасталбагандыгына байланыштуу эсептелген туумдун төлөнгөн суммасы кайтарып берилүүгө тийиш эмес. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтер ырасталбаган, тапшырылбаган же толук эмес көлөмдө тапшырылган же кийинки салыктык контролдоо процессинде алардын аныктыгы ырасталбаган учурда, мындай акциздик товарлар боюнча акциз Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды сатуу үчүн ушул бөлүмдө белгиленген тартипте эсептелет.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды жана…Приказ · 11.02.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген "Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү"тартибиПорядок · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-347" title="347-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>