Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-берене. Салык өкүлү, анын ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле салык өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.
2. Салык өкүлү салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн атынан иш алып барууга укуктуу.
3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу аны салык өкүлү болуу укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле салык өкүлүнүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.
4. Салык өкүлүнүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:
1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;
2) салык төлөөчүнүн жана салык өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;
3) салык өкүлүнө салык төлөөчү тарабынан берилүүчү ишеним кат.
5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна байланышкан салык төлөөчүнүн салык өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги деп таанылат.
6. Мамлекеттик орган же мамлекеттик органдын кызмат адамы салык төлөөчүнүн салык өкүлү боло албайт.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз…Инструкция · 17.04.2023 · № 206
- КР Министрлер Кабинетинин 17.04.23 ж. №206 токтомуПостановление · 17.04.2023 · № 206
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-54" title="54-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>