Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
146-берене. Салык кызматынын органдарынын банк жана төлөм уюму/төлөм тутумунун оператору менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 17-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берүүгө:
а) салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин болуусу жөнүндө, алардын номерлерин көрсөтүү менен;
б) уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты:
- көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө;
- салык органынын чечими бар болгон учурда, камералдык текшерүүнү жүргүзүүдө;
- уюмдар жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда;
Караңыз: КР Конституциялык сотунун 2024-жылдын 2-октябрындагы чечими
в) жеке ишкерлерди кошпогондо, текшерилүүчү жеке жактардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;
г) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөн салык төлөөчүнүн эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;
д) мүлктүк чыгарып салууларды алууга арыз берген жеке жактын тиешелүү жыл үчүн турак жай фондуна тиешелүү кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана/же курууга алынган, кайтарылган кредиттин жана алар боюнча төлөнгөн пайыздардын суммалары жөнүндө;
е) операциялардын суммасына жана которууда пайдаланылуучу тутумдарга, төлөм тутумдарына же төмөнкүдөй которууларды жүзөгө ашырууда башка механизмдерге карабастан, акча каражаттарын эл аралык которуулар менен байланышкан операциялар жөнүндө:
- чет өлкөлүк уюмдардан Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн субъекттердин дарегине;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн субъекттерден чет өлкөлүк уюмдардын дарегине;
- Кыргыз Республикасынын субъекттеринен Кыргыз Республикасынын булактарынан киреше алган жана ушул Кодекске ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү болгон чет өлкөлүк уюмдардын дарегине.
2) салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген банктык кепилдиктин шарттарын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө маалыматты банк чечим кабыл алган бир жумуш күндүн ичинде берүүгө;
3) салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасында салыктык каттоосу болгон учурда уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачууга;
4) салык төлөөчүнүн ал тарабынан салык милдеттенмелеринин аткарылышынын эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;
5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күнү салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;
6) тиешелүү суроо-талап алынган күндөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктын зайым алуучусунан жоюлбаган карызды эсептен чыгаруу жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты берүүгө;
7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызды төлөө үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга;
8) QR-төлөмдөрдү, POS-терминалдарды, идентификацияланган электрондук капчыкты жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка аралыктан төлөө формаларын пайдалануу менен электрондук акча аркылуу жүргүзүлгөн эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө.
9) ушул Кодекстин 315-беренесине ылайык КНСти эсепке алуу максатында накталай эмес формада сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен маалымат берүүгө.
10) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. Банк Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок чет өлкөлүк уюмга мындай уюмдун мурда ыйгарылган ИСН болгондо салык органына кабарлама жөнөтпөстөн эсеп ачууга укуктуу.
2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар жана төлөм уюмдары/төлөм тутумунун операторлору жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө милдеттүү.
21. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткаруу максатында ыйгарым укуктуу салык органы банктар менен транзакцияга салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат алмашат.
3. Ушул беренеге ылайык берилүүчү жана/же алмашылуучу маалыматка карата тартип жана талаптар Министрлер Кабинети тарабынан Улуттук банк менен макулдашуу боюнча белгиленет.
11. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу жана/же жабуу жөнүндө маалыматты эсеп ачылган жана/же жабылган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде алардын номерлерин көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
147- берене. Салык кызматынын органдарынын калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органы, калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен өз ара аракеттенүүсүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо: төрөлүү, каза болуу, никеге туруу, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматты алуу аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
148- берене. Салык кызматынын органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар ме-нен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен төмөнкү маалыматтарды алуу аркылуу өз ара аракеттенет:
1) чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдардын салык салынуучу объекттин пайда болушуна алып келүүчү ишти жүргүзүүсүнө байланыштуу алардын Кыргыз Республикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине берилген уруксаттар жөнүндө;
2) эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
кошулду: 12. Банк Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок чет өлкөлүк уюмга мындай уюмдун мурда ыйгарылган ИСН болгондо салык органына кабарлама жөнөтпөстөн эсеп ачууга укуктуу.
2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында … , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
147- берене. Салык кызматынын…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 04.07.2024 · № 363
- Банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан салык кызматынын органдарына маалымат берүү ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363…Порядок · 04.07.2024 · № 363
- Салык аудитин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 196 токтомуна)Положение · 26.03.2026 · № 196
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 278 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.04.2026 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз…Постановление · 19.10.2023 · № 554 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-146" title="146-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>