Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
159-берене. Тергөөнүн караштуулугу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 122-129-беренелери); ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 130-136, 138, 139-беренелери); адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 140-145-беренелери); инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 146-153-беренелери); жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 154-156-беренелери); инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 157-164-беренелери); адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 165-171-беренелери); балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин көнүмүшүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 172-181, 183-188-беренелери); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 189, 190, 193-204-беренелери); менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 205-217-беренелери); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 2191, 220, 221, 223-225, 229-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 238-2401, 242-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 246-249-беренелери); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 260-263, 267-271-беренелери); өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 272-277-беренелери); коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 278-281-беренелери); баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 282-284, 286-291-беренелери); калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 292-297-беренелери); экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 298-310-беренелери); транспорттун жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрдүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 311-318-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 364-366-беренелери); сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 368-373-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 375, 380-384-беренелери); чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 385-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан үй-бүлө мамилелеринин көнүмүшүнө жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренеси); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 252-259, 264-266-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 323-325, 333-335-беренелери); сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 349-353-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси); тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 402-409-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 410, 411, 414-416-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
3. Аскердик прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 386-396-беренелери); аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 397-401-беренелери) кылмыш иштери жана аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
4. Жаза-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жаза-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун, аймагында айыпталуучулар жана соттолгондор тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
41. Улуттук коопсуздук органдарынын жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 231, 2311-беренелери ); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси); баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
5. (КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Улуттук коопсуздук органдарынын жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 191, 192-беренелери); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 222, 226-228, 230-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 233-237-беренелери); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 2421, 243, 244-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 245, 250, 251-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-беренелери); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 330-332-1 беренелери); мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 336-348-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 354-363, 367-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 374, 376, 377, 379-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 412, 413-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
7. (КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул беренеде каралган, ар кайсы органдардын тергөөсүнө караштуу кылмыштардын жыйындысында тергөөгө караштуулугу кыйла оор кылмыш боюнча аныкталат.
9. Ар кайсы органдардын тергөөсүнө караштуу кылмыш иши тергөөнү баштаган органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет же болбосо ушул Кодекстин 35-беренесинде белгиленген тартипте прокурордун чечими боюнча тергелет.
10. Ушул Кодекстин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, тергөөгө караштуулугуна таандык болбогон кылмыш иштери боюнча тергөөгө жол берилбейт.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186, 2024-жылдын 3-июлундагы № 112, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186, 2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 ноября 2024 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты здоровья граждан (в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 июля 2024 года № 112 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам преступлений в сфере таможенного дела"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин кошулду: 2421, 243, 244-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын … № 136 , 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186, 2025-жылдын 28-июлундагы № алынып салынды: 160 кошулду: 160, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 26-августундагы № 81 "№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 26.08.2023 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А. Эгенбердиева демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине…Приложение · 23.06.2026 · № 474
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-159" title="159-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>