35-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
1. Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун жана чечүүнүн аткарылышынын мыйзамдуулугун, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүүгө;
2) сотко чейинки өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жеткиликтүү болууга;
3) ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу жана алгачкы текшерүү органдарынын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
31) тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;
4) (КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) кылмыш иштерин козгоого, тергөөнүн караштуулугуна ылайык, өзгөчө учурларда - тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тергөөнү жүргүзүү, ал эми төмөн турган прокурорго тергөөнү уюштуруу үчүн өткөрүп берүүгө. Өзгөчө учурлар төмөнкүлөр болуп саналат: тергөөчү ишти калыс тергөө жүргүзбөөсү; кызмат адамдарынын карамагында турган тергөөчүгө тигил же бул чечимди кабыл алдыруу максатында кысым көрсөтүүсү; иштин коомдук маанилүүлүгү; ушул иш боюнча кылмышты ачкан органдын иш боюнча тергөө жүргүзүүсүнүн максатка ылайыктуулугу;
6) кармоонун мыйзамдуулугун текшерүүгө жана ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен кармалган адамдарды бошотуу жөнүндө токтом чыгарууга;
7) сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткарууларына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
8) алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө тигил же бул процессуалдык аракеттерди жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
9) текшерүү, инвентаризация жүргүзүү жана (же) экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтомдорду чыгарууга;
10) көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон тергөөчүнүн каршы пикирин кароого;
11) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган чечимдерди кошпогондо, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;
12) алгачкы текшерүү органынан, тергөөчүдөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
13) соттун чечиминин негизинде жол бериле турган күрөө, үй камагы, камакка алуу, электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чараларын өзгөртүү, колдонуу жөнүндө, айыпталуучуну камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн сот алдында козгоодо, ошондой эле экстрадициялык камакка алууга макулдук берүүгө же болбосо баш тартууга;
14) соттун алдында атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүнө макулдук берүүгө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартууга;
15) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтомду жана келишимди бекитүүгө;
16) тергөөнүн мөөнөтүн узартууга же болбосо аларды узартуудан баш тартууга;
17) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды чечүүгө;
18) тергөөчүгө билдирилген четтетүүнү, ошондой эле анын өзүн өзү четтетүүсүн чечүүгө;
19) тергөөчүнү, төмөн турган прокурорду, эгерде алар мыйзам бузууга жол беришсе, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга андан ары катышуудан четтетүү тууралуу токтом чыгарууга;
20) эгерде иммунитеттен пайдаланган адамдар айыпталуучу катары тартылууга тийиш болсо, аларды кылмыш куугунтугуна иммунитеттен ажыратуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга;
21) күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга же баш тартууга;
22) жабырлануучуга, күбөгө жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдарга карата коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырма берүүгө;
23) кылмыш иши боюнча айыптоо актысын, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду бекитүүгө, же болбосо жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн ишти тергөөчүгө кайтарып берүүгө, өзүнүн токтому менен айыптоо актысынын айрым пункттарын жокко чыгарууга же айыпталуучунун аракеттерин жеңилдетүү жагына кайра квалификациялоого, же болбосо кылмыш ишин кыскартууга же болбосо кылмыш ишинин бөлүгүндө кыскартууга;
24) сотто айыптоону колдоого;
25) кылмыш куугунтугунан баш тартууга жана (же) коюлган айыпты өзгөртүүгө;
26) ушул Кодексте белгиленген тартипте сот чечимдерине даттанууга;
27) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө байланыштуу прокурордун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына ушул Кодексте каралган тартипте берген жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Алынган көрсөтмөлөрдү жогору турган прокурорго даттануу аларды аткарууну токтотпойт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209, 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 , 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 73, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 апреля 2024 года № 73 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 16-августундагы N 145-т (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы N 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен…Распоряжение · 16.08.2021 · № 145-р · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 14.11.2025 · № 259
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>