Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 3-июлу № 112 Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 158-берене "жаза-аткаруу тутумунун" деген сөздөрдөн кийин ", бажы органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 159-беренеде:
а) 1-бөлүктө "282-291" деген цифралар "282-284, 286-291" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Улуттук коопсуздук органдарынын жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси); баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.";
в) 6-бөлүктө "222, 226-228, 230-231" жана "241, 243, 244" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "222, 226-228, 230" жана "243, 244" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 241-беренеде:
а) аталышы "Бажы төлөмдөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо, салык салуунун башка объекттерин кыйла өлчөмдө жашыруу, -";
2) 243-беренеге карата эскертүүдө "241-243" деген цифралар "242, 243" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2024-жылдын 5-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2128-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 05.06.2024 · № 2128-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1985-VII ""Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 11.04.2024 · № 1985-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2132-VII "Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 05.06.2024 · № 2132-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 15-майы № 2052-VII "Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 15.05.2024 · № 2052-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 15-майы № 2052-VII "Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 15.05.2024 · № 2052-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин…Постановление · 28.08.2024 · № 531 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон