Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүчү иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 20-июлу № 256-б Соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүчү иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Таза Коом» Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан 192 287,3 миң (жүз токсон эки миллион эки жүз сексен жети миң үч жүз) сом бөлсүн, анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 102 393,0 мин (жүз эки миллион үч жүз токсон үч миң) сом, анын ичинен: 14 362,4 мин (он төрт миллион үч жүз алтымыш эки мин төрт жүз) сом - Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин программалык камсыздоону иштеп чыгууга; 88 030,6 миң (сексен сегиз миллион отуз миң алты жүз) сом -аймактык бөлүмдөрдү техникалык жабдууга; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 59 675,6 миң (элүү тогуз миллион алты жүз жетимиш беш миң алты жүз) сом, анын ичинен: 17 496,9 мин (он жети миллион төрт жүз токсон алты мин тогуз жүз) сом - Бузуулардын бирдиктүү реестрин программалык камсыздоону иштеп чыгууга; 6 134,1 миң (алты миллион жүз отуз төрт мин бир жүз) сом - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке ашыруу үчүн; 36 044,6 миң (отуз алты миллион кырк төрт миң, алты жүз) сом -аудио жана видео жазуу техникалык каражаттарын пайдалануу менен сурак жүргузүү кабинеттерин жабдууга; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 26 018,7 миң (жыйырма алты миллион он сегиз миң жети жүз) сом, анын ичинен: 3 217.6 мин, (үч миллион эки жүз он жети миң алты жүз) сом -Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жалпы системасына интеграциялоо үчүн пробация боюнча электрондук маалымат базасын түзүү үчүн; 21 072,3 миң (жыйырма бир миллион жетимиш эки миң үч жүз) сом - жазык-аткаруу системасынын органдарында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке ашыруу үчүн; 1 728,8 миң (бир миллион жети жүз жыйырма сегиз миң сегиз жүз) сом - аудио жана видео жазуу техникалык каражаттарын пайдалануу менен сурак жүргүзүү кабинеттерин жабдууга; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка 4 200,0 миң (төрт миллион эки жүз миң) сом - аудио жана видео жазуу техникалык каражаттарын пайдалануу менен сурак жүргүзүү кабинеттерин жабдууга;
2) Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин чыгымдар сметасын тийиштүү түрдө 192 287,3 миң (жүз токсон эки миллион эки жүз сексен жети миң үч жүз) сомго азайтсын;
3) «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.12.2018 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон