Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Соттук-укуктук реформалардын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максаты жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-октябры, № 345-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 373-б буйругунун редакциясына ылайык) Соттук-укуктук реформалардын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 373-б буйругунун редакциясына ылайык)
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин (КЖБР) киргизүу үчүн Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасынын алкагында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан 18 782,4 миң (он сегиз миллион жети жуз сексен эки мин төрт жүз) сом бөлүп берсин;
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 373-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3) «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүнү караштырсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 373-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 345-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 23.10.2018 · № 373-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон