Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максаты жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-ноябры № 404-б Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин каражаттары чыгымдардын экономикалык классификацияларындагы функциялык классификациялардын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсебинде топтолсун, буга төмөнкү каражаттар кошулбайт:
- атайын эсептеги каражаттар;
- медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, тамак-аш азыктарын сатып алууларга каралган каражаттар;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган каражаттар;
- улуттук коопсуздук органдарынын каражаттары;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды курорттук-санаторийлик дарылоого путевкаларды жана майыптар үчүн кресло-коляска сатып алууга каралган каражаттар;
- саламаттыкты сактоо системасынын каражаттары;
- жалпы билим берүүчү мектептерге окуу китептерин сатып алуу жана учурдагы оңдоолор үчүн каралган каражаттар;
- коргоону камсыздоого каралган каражаттар;
2) мамлекеттик сатып алуулардын расмий интернет-порталында жайгаштырылган ''республикалык бюджет" менчиктин формасы боюнча үнөмдөө тууралуу маалыматтын негизинде, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин каражаттары эсепке киргизилсин;
3) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептеринде мамлекеттик сатып алууну өткөрүүдөн үнөмдөлгөн каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери боюнча кошумча чыгымдарды каржылоо булагы катары колдонулсун.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 295-б буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 520-б буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 524-б буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 561-б буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б буйругу.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 520-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.11.2017 · № 520-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-марты № 79-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.03.2017 · № 79-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 295-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.07.2017 · № 295-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 524-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.11.2017 · № 524-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 561-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.12.2017 · № 561-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.12.2017 · № 597-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 520-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.11.2017 · № 520-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-марты № 79-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.03.2017 · № 79-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 295-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.07.2017 · № 295-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 524-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.11.2017 · № 524-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 561-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.12.2017 · № 561-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.12.2017 · № 597-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон