Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кошумча финансы каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 13-апрели, № 137-б Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-ноябрындагы № 190 Мыйзамы менен ратификациялынган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы "Билим берүү секторун реформалоого контракт" (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашуунун шарттарынын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, 2018-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетиндеги каражаттардын калдыгынын эсебинен компьютер жана компьютердик жабдууларды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 30,0 (отуз) миллион сом өлчөмүндө кошумча финансы каражаттарын бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим берүү маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.12.2018 · № 111
- О ратификации Финансового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским союзом по программе "Контракт на реформу сектора образования" (DCI-ASIE/2015/037-809)…Закон · 28.11.2016 · № 190
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)