24-берене. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонду
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин курамында резервдик фонд түзүшү мүмкүн. Резерв жергиликтүү бюджетке өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
2. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү тийиштүү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпашы керек (резервдик фонддордун каражаттарын жана аткаруу бийлигинин органдарынын муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөрдү эсепке албаганда).
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу тартибин аныктоо, пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.";
4. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоо, референдум өткөрүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;
3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сыйакы берүүгө;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
5. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө маалыматтар аларды аткаруу жөнүндө отчетторго тиркелет жана милдеттүү жарыяланууга жатат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (26)
- Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындага № 112/21-5 "Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2023 · № 112/21-5
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жыл, 18-декабрь №56/XI-29 "Транспорт каражаттарына мүлк салыгы жана айыл чарба жерлерине мүлк салыгы боюнча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү"…Постановление · 18.12.2025 · № 56/XI-29
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 115/16-4 "Токмок шаарынын 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.01.2018 · № 115/16-4
- Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 193/27-4 "Токмок шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2019 · № 193/27-4
- Токмок шаардык кенешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 304/39-4 "Токмок шаарынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2021 · № 304/39-4
- Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-марты №30/5-6 "Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2025 · № 30/5-6
- Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №256/32-4 "Токмок шаарынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2020 · № 256/32-4
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 19/III "Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 19/III
- Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жыл 24-январь, № 1/I "Красная Речка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2023 · № 1/I
- Ивановка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29- декабря № 104/XXII -29 "Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2022 · № 104/XXІІ -29
- Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы № 30/9-5 "Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2022 · № 30/9-5
- Масы айылдык кеңешинин 2024-жылынын 6-февралындагы №! "Масы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2025-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө."…Постановление · 06.02.2024 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
- Красноречка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-январындагы № 1/I "Красная Речка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2024 · № 1/I
- Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-октябрындагы №3/1 « Жергиликтүү боюджеттин 2025-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө » токтомуПостановление · 30.12.2024 · № 3/1
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 21/III-29 "Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 21/III-29
- Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №176/31-5 "Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2024 · № 176/31-5
- Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-декабры №19/135 "Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2022 · № 19/135
- Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралы № 106/18-6 "2026-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2026 · № 106/18-6
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 20-январындагы №57/XII-29 "Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2026 · № 57/XII-29
26 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>