Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 193/27-4 Токмок шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын катын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу С.И.Мусуралиевдин “Токмок шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” берилген материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколун жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2019-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 230861,6 миң сом өлчөмүндө, 2020-жылга болжол – 249739,6 миң сом, 2021-жылга – 267677,6 миң сом (№ 1, 2 тиркемеге ылайык) жана 2019-2021-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (№ 3 тиркеме) бекитилсин.
2. 2019-жылдын жана 2020-2021-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну, ошондой эле 01.01.2019-жылга карата бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2019-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу (Мусуралиев С.И.) тарабынан:
-Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн; -шаардык жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө, шаардын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп-түзөөгѳ уруксат берилсин; -шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кызматтык муктаждык пайда болгон учурда, шаардык бюджеттин каражатын алуучулардын сунушу боюнча, бөлүмдүн ичинде (кызмат акыдан, Социалдык фондко чегерүүдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына, чыгашалар бөлүмүнөн бөлүмүнө бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Токмок ш.мэринин кайрылуусунун негизинде, шаардын мэриясынын буюрмасы, бɵлүнгɵн сметалык ассигнованиянын чегинде каралган, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясында карап чыгуу киргизилсин; -2019-бюджеттик жылдын ичинде 2018-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына (Мусуралиев С.И.) шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушун Токмок ш. мэриясынын буюрмасына ылайык бекитүүгө жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизүү укугу берилсин. Түшкөн каражаттар биринчи ирет 2018-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи ирет каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
6. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (Майтиков Т.К.) тарабынан:
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын; -салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын; -жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн; -ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
7. Токмок ш. ММБнын башкаруучусу (Макешев М.К.) тарабынан:
-шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын; -ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
8. Кызматкерлердин кызмат акысына турак жай-коммуналдык кызмат кɵрсɵтүүгɵ ай сайын берилүүчү үстɵк акы 8000 сом ɵлчɵмүндɵ белгиленсин:
- Токмок ш.мэриясы;
-Токмок шаардык кеӊеши;
- Токмок ш.дене тарбия жана спорт аппараты;
-Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы. Билим берүү чɵйрɵсүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак жай-коммуналдык кызмат кɵрсɵтүүгɵ ай сайын берилүүчү үстɵк акы 300 сом ɵлчɵмүндɵ белгиленсин:
9. Кирешелердин кошумча булактары табылган учурда, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана үнѳмдүү пайдалануу, киреше бѳлүмүн ашыра аткаруу болгон учурларда шаардын жергиликтүү бюджетинен Токмок ш. мэриясынын, Токмок шаардык кеңешинин, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Токмок ш. дене тарбия жана спорт аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын кызматкерлерине ар бир кызматкердин салымын жана ишинин жыйынтыктарына жараша сый акы, материалдык жардам жана коммуналдык кызматтар үчүн компенсациялык тѳлѳмдѳр Токмок шаардык кеңештин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечими боюнча каралсын.
10. Шаардык жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилгенден кийин 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
11. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн 1% ѳлчѳмүнѳ чейин түзүлсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Д.Дж.Амангельдиев) жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
№1 тиркеме
Токмок шаардык кеңешинин
№ 193/27-4 токтомуна
25-январь 2019-ж.
Токмок шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө
бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу
(миӊ сом)
Элемент (8)
Наименование доходов
2019-ж.
Болжол
2020-ж.
2021-ж.
Кирешелер + Активдер жана милдеттенмелер (жерлерди сатуу)
230 861,6
249 739,6
267 677,6
Кирешелер + Активдер жана милдеттенмелер (атайын каражаттарды эсепке албаганда)
208 728,0
227 606,0
245 544,0
1
Кирешелер
229 861,6
248 739,6
266 677,6
МСКнын кирешелери
207 728,0
226 606,0
244 544,0
11
Салык кирешелери
198 083,0
216 961,0
234 899,0
11111100
Салык агенти төлөөчү, киреше салыгы
89 863,0
119 595,0
151 112,0
11121100
Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык
3 300,0
3 300,0
3 300,0
11122100
Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык
3 705,0
3 705,0
3 705,0
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
33 630,0
33 630,0
33 630,0
11311100
Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык
203,0
203,0
203,0
11311200
Ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ
10 737,2
10 737,2
10 737,2
11311300
Ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ
201,0
201,0
201,0
11312
Унаа каражаттары үчүн салык
13 990,0
13 990,0
13 990,0
11321100
Короо жай жана бак-огород жерлерин колдонуу үчүн жер салыгы
3 380,0
3 380,0
3 380,0
11321200
Айыл чарба жерлерин колдонуу үчүн жер салыгы
100,8
100,8
100,8
11321300
Калк конуштарынын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы
13 400,0
13 400,0
13 400,0
11412100
Сатуудан алынуучу салык
24 548,0
13 624,0
11442
Роялти
1 025,0
1 095,0
1 140,0
14
Салыктык эмес кирешелер
31 778,6
31 778,6
31 778,6
14151200
Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм
155,0
155,0
155,0
14152100
Калк конушундагы жердин ижарасы үчүн төлөм
6 200,0
6 200,0
6 200,0
14153200
Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм
2 100,0
2 100,0
2 100,0
14224200
Таштанды чыгаруу үчүн жыйым
490,0
490,0
490,0
14224300
Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым
700,0
700,0
700,0
1423
Төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр
22 133,6
22 133,6
22 133,6
3
Активдер жана милдеттенмелер
1 000,0
1 000,0
1 000,0
314121
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу
1 000,0
1 000,0
1 000,0
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
С.А.Кабаева
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
Чүй башкармалыгынын башчысы
С.И.Мусуралиев
№2 тиркеме
Токмок шаардык кеңешинин
№ 193/27-4 токтомуна
25-января 2019-ж.
Токмок шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша
бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу
(миӊ сом)
Бөлүм
Аталышы
2019-ж.
Болжол
2020-ж.
2021-ж.
701
Мам.кызматтар
бюджеттик каражаттар
24149,6
26588,5
28161,9
атайын каражаттар
250,0
250,0
250,0
702
Коргонуу
бюджеттик каражаттар
2433,1
2312,6
2543,6
703
Коомдук тартип
бюджеттик каражаттар
атайын каражаттар
336,0
336,0
336,0
706
Турак жана коммун.кызмат көрсөтүү
бюджеттик каражаттар
100204,0
110754,2
121246,8
707
Саламаттыкты сактоо
бюджеттик каражаттар
1440,0
105,4
111,2
708
Маданият
бюджеттик каражаттар
18975,1
20664,1
21800,6
атайын каражаттар
1302,1
1302,1
1302,1
709
Билим берүү
бюджеттик каражаттар
55995,5
61595,0
65786,5
атайын каражаттар
20245,5
20245,5
20245,5
710
Социалдык өнүгүү
бюджеттик каражаттар
5530,7
5586,2
5893,4
БАРДЫГЫ ЧЫГЫМДАР
230861,6
249739,6
267677,6
бюджеттик каражаттар
208728,0
227606,0
245544,0
атайын каражаттар
22133,6
22133,6
22133,6
Токмок шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы
С.А.Кабаева
КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы
С.И.Мусуралиев
№3 тиркеме
Токмок шаардык кеңешинин
№ 193/27-4 токтомуна
25-январы 2019-ж.
Токмок шаарынын бюджетинин 2019-жылга карата киреше
бөлүгүн жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча жөнгө салуу планы
(миӊ сом)
КИРЕШЕЛЕР
2019-жыл
Болжол
2020-жыл
2021-жыл
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен
%
сумма
%
сумма
%
сумма
1. Жөнгө салынуучу кирешелер
156226,0
175104,0
193042,0
Салык агенттер төлөөчү, киреше салыгы
70
89863,0
85
119595,0
100
151112,0
Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык
100
3300,0
100
3300,0
100
3300,0
Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык
100
3705,0
100
3705,0
100
3705,0
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
100
33630,0
100
33630,0
100
33630,0
Сатыктан алынуучу салыгк
50
24548,0
25
13624,0
Роялти
50
1025,0
50
1095,0
50
1140,0
Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм
100
155,0
100
155,0
100
155,0
2. Бекитилген кирешелер
74635,6
74635,6
74635,6
Жеке ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык
100
203,0
100
203,0
100
203,0
Жеке ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ
100
10737,2
100
10737,2
100
10737,2
Жеке ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ
100
201,0
100
201,0
100
201,0
Унаа каражаттары үчүн салык
100
13990,0
100
13990,0
100
13990,0
Жеке жактардан алынган жер салыгы
100
3380,0
100
3380,0
100
3380,0
Юридикалык жактардан алынган жер салыгы
100
13500,8
100
13500,8
100
13500,8
Жер ижарасы үчүн төлөм
100
6200,0
100
6200,0
100
6200,0
Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм
100
2100,0
100
2100,0
100
2100,0
Таштанды чыгаруу үчүн жыйым
100
490,0
100
490,0
100
490,0
Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым
100
700,0
100
700,0
100
700,0
Төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр
100
22133,6
100
22133,6
100
22133,6
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу
100
1000,0
100
1000,0
100
1000,0
Бардыгы кирешелер
230861,6
249739,6
267677,6
анын ичинде:
бюджеттик каражаттар
208728,0
227606,0
245544,0
атайын каражаттар
22133,6
22133,6
22133,6
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
С.А.Кабаева
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
Чүй башкармалыгынын башчысы
С.И.Мусуралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №256/32-4 "Токмок шаарынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2020 · № 256/32-4
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)