Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-январындагы №57/XII-29
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бɵлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Омуркулова Б.И. маалыматын карап чыгып, талкуулап «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолу жɵнүндɵ», Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24,78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагынын 2026-жылга бюджети киреше жана чыгаша бɵлүгүндɵ №1 жана 2-тиркемелерге ылайык 51214,7 миң сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин, анын ичинде:
- жергиликтүү бюджет – 34068,6миң сом;
- тендɵɵчү грант – 11791,1 миң сом;
- атайын эсеп – 5355,0 миң сом.
2.Бюджеттин чыгаша бɵлүгү тɵмɵнкү бɵлүмдɵргɵ багытталсын:
Негизги эсеп боюнча:
- 70111 – Мамлекеттик кызмат кɵрсɵтүүлɵр - 12873,5 миң сом;
- 70629 – Турак жай жана коммуналдык чарба - 15605,6 миң сом;
- 70821 – Китепкана - 1044,8 миң сом;
- 70811 – Спорт шаарчасы - 1312,9 миң сом;
- 70823 – Айылдык клуб - 5607,4 миң сом;
- 70911 – «Ай-толкун» бала бакчасы - 727,3 миң сом;
- 70911 – «Нур-Балалык» бала бакчасы - 524,5 миң сом;
- 70911 – «Эпкин-Нур» бала бакчасы - 392,5 миң сом;
- 70911 – «Гүл-балалык» бала бакчасы - 829,3 миң сом;
- 70921 – Красноречка орто мектепке - 822,0 миң сом;
- 70921 – М.Койбагаров орто мектепке - 2073,4 миң сом;
- 70921 – А.Молдокулов орто мектепке - 1651,1 миң сом;
- 71092 – Социалдык камсыздоо - 1970,0 миң сом;
- 70421 – Жайыт комитети - 425,4 миң сом.
3.2026-жылдын башындагы бош калган акча каражаттарынын негизги эсеби боюнча 13392,7 миң сом, ал эми атайын эсеп боюнча (бала бакча) 954,2 миң сом, депозиттик эсепте 2 207,1 миң сом.
4.Бош калган акча каражаттар тɵмɵнкү бɵлүмдɵргɵ бɵлүнсүн.
- 70111 берене 2111, 2121 – 1094,1 миң сом «Айыл ɵкмɵтүнүн аппараттык кызматкерлерине үстөк акы төлөп берүү»;
- 70629 – берене 2215 – 1500,0 миң сом АВП «Эпкин-суу» 2021-жылдын 15-октябрында №1463/21ч8 соттук иштин негизинде карызын төлөп берүү;
- 70629 – берене 2215 – 5000,0 сом башкы план (генеральный план)
- 70629 берене 2512 – 2000,0 миң сом «Муниц.ишканага субсидия берүүгɵ»;
- 70629 –берене 3111 – 1000,0 миң сом «Айылдын атын жасоого (стелла)»;
- 70811 – берене 2221 – 500,0 миң сом «Спорт имаратын кезектеги оңдоо иштерине»;
- 70629 – берене 3112-500,0 миң сомго лизинг аркылуу техника алууга;
- 70921 берене 3112 – 240,5 миң сом «М.Койбагаров атындагы мектепке видео көзөмөл орнотуу жана калган калдыгын төлөп берүү»;
5.Накталай акча жүгүртүү – 100,0 миң сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
6.2026-жылга штаттык тизме тɵмɵнкү бɵлүмдɵргɵ бекитилсин:
- 70823 – Спорт шаарчасы жана айылдык клуб - 2293,6 миң сом;
- 70821 – Китепкана - 780,2 миң сом.
7.Айыл аймагынын 2026-жылга бюджетинин негизги параметрлеринин
болжолу кирешелер жана чыгашалар боюнча 38423,6 миң сом, 2027-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 41738,2 миң сом жана 2028-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 44269,2 миң сом суммасында бекитилсин, №3 тиркемеге ылайык.
8.Нурманбет айыл аймагынын башчысына 2026-жылдын бекитилген бюджетине кирешелер болжолдонгондон ашыкча кирешелердин, чыгашалардан ашыкча аткарылышынын эсебинен өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
9.Жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 600,0миң сомго бекитилсин
10. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
11. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жана айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Омуркулова Б.И. жүктөлсүн.
13. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрайым
Н.С. Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59