Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаарынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 4-февралы №256/32-4 Токмок шаарынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы Г.Т.Жумалиеванын “Токмок шаарынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2020-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен - 272446,4 миң сом суммасында, 2021-жылга болжол -291540,4 миң сом, 2022-жылга - 301532,4 миң сом (№1, №2 тиркемелерге ылайык) жана 2020-2022-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (№3 тиркеме) бекитилсин.
2. 2020-жылдын жана 2021-2022-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондго чегерүү, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну ошондой эле шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздарын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2020-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.):
- Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;
- шаардык жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө, шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп-түзөөгө уруксат берилсин;
- 2020-бюджеттик жылдын ичинде 2019-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн;
- шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кызматтык муктаждык пайда болгон учурда, шаардык бюджеттин каражатын алуучулардын сунушу боюнча, бөлүмдүн ичинде (кызмат акыдан, Социалдык фондго чегерүүдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталга, чыгашалар бөлүмүнүн бөлүмүнө бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Токмок ш. мэринин кайрылуусунун негизинде, шаардын мэриясынын буюрмасы, бөлүнгөн сметалык ассигнованиянын чегинде каралган, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда карап чыгуу киргизилсин;
- Токмок ш. мэрине Токмок ш. мэриясынын буюрмасына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык, бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелерин чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосундагы жана ар бир башкы башкаруучуга (башкаруучуга, алуучуга) өз-өзүнчө бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын жыйынды көлөмүнүн белгиленген лимиттин (5 пайыздан ашпашы керек) чегинде бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу укугу берилсин;
- шаардын жергиликтүү бюджетинин аткаруусунун жүрүшүндө зарылчылык пайда болгон учурда, белгиленген лимиттен ашканда (5 пайыздан), чыгашалар бюджеттик ассигнованиелерин бөлүмдөн-бөлүмгө жылдыруу Токмок ш. мэринин кайрылуусунун негизинде, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда каралгандан кийин, шаардык кеңештин сессиясында бекитилүүсү менен жүргүзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына (Жумалиева Г.Т.) шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурларда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушун Токмок ш. мэриясынын буюрмасына ылайык бекитүүгө Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизүү укугу берилсин. Түшкөн каражаттар биринчи кезекте 2019-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи кезекте каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
6. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы (Майтиков Т.К.) тарабынан:
- экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
7. Токмок ш. ММБнын башчысы (Макешев М.К.) тарабынан:
- шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
8. Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемесин 10 штаттык бирдиги менен штаттык санын каржылоого каражат каралсын.
9. Төмөнкү кызматкерлердин кызмат акысына тамак-аш, жол кире, турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү компенсациялык төлөмдөр 8000 сом өлчөмүндө белгиленсин:
- Токмок ш. мэриясынын;
- Токмок шаардык кеңешинин;
- Токмок ш. дене тарбия жана спорт комитетинин;
- Токмок ш. ММБ.
9.1. Билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү үстөк акы 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
9.2. Токмок ш. боюнча МСКБнын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү үстөк акы 3500 сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы №193/27-4 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-пунктундагы “үстөк акы” деген сөзү “компенсациялык төлөмдөр” деген сөздөр менен алмаштырылсын, ошондой эле “сом” деген сөздөн кийин “тамак-аш, жол кире жана төлөөгө” деген сөздөр менен толукталсын.
11. Кирешелердин кошумча булактары табылган учурда, бюджеттик каражатттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, киреше бөлүмүн ашыра аткаруу болгон учурларда шаардын жергиликтүү бюджетинен Токмок ш. мэриясынын, Токмок шаардык кеңешинин, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине ар бир кызматкердин салымын жана ишинин жыйынтыктарына жараша сый акы, материалдык жардам жана коммуналдык кызматтар үчүн компенсациялык төлөмдөр Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечими боюнча каралсын.
12. Кошумча штаттык бирдиктер белгиленсин:
- Токмок ш. маданият бөлүмүнүн аппараты боюнча иш кагаздарды жүргүзүүчүсүнө 0,5 шт. бирдиги;
- “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” гезитинин редакциясы боюнча сайттын администраторуна 1,0 шт.бирдиги;
- Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы боюнча “Түнөк” социалдык мейманканасынын кароолчусуна 1,0 ш. бирдиги.
13. 2020-жылдын 1-февралынан тартып Токмок ш. дене тарбия жана спорт бөлүмү боюнча 2 штаттык бирдигинин эмгек акысын каржылоо токтотулсун, анын ичинде: башкы адистин 1 штаттык бирдиги жана бухгалтердин 1 штаттык бирдиги.
13.1. Токмок ш. дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн бухгалтеринин функционалдык милдеттери Токмок ш. мэриясынын башкы бухгалтерине жүктөлсүн.
14. Шаардык жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилген 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
15. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
17. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн 1% өлчөмүнө чейин түзүлсүн (2080,0 миң сом).
18. Шаардын бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок ш. мэрине (Амангельдиев Д.Дж.) жүктөлсүн.
19. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т. А. Солтобаев
Токмок шаардык кеңешинин
2020-жылдын 4-февралындагы
№256/32-4 токтомуна
№1 тиркеме
Токмок шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин
киреше бөлүгү жана 2021-2022-жылдарга болжолу
(миң сом)
Элемент (8)
Кирешенин аталышы
2020-жылга долбоор
Болжол
2021-ж.
2022-ж.
Кирешелер+Активдер жана милдеттенмелер (жерлерди сатуу)
272 446,4
291 540,4
301 532,4
Кирешелер+ активдер жана милдеттенмелер (жерлерди сатуу) (атайын каражаттарды эсепке албаганда)
250 312,8
269 406,8
279 398,8
МСКнын кирешелери
249 312,8
268 406,8
278 398,8
11
Салык кирешелери
238 817,8
257 911,8
267 903,8
11111100
Салык агенти төлөөчү, киреше салыгы
125 948,0
158 215,0
168 184,0
11121100
Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салыгы
3 300,0
3 300,0
3 300,0
11122100
Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык
5 030,0
5 030,0
5 030,0
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
39 500,0
39 500,0
39 500,0
11311100
Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык
250,0
250,0
250,0
11311200
Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ
17 547,0
17 547,0
17 547,0
11311300
Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ
300,0
300,0
300,0
11312
Унаа каражаттары үчүн салык
13 990,0
13 990,0
13 990,0
11321100
Короо жай жана бак-огород жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы
4 130,0
4 130,0
4 130,0
11321200
Айыл
100,8
100,8
100,8
11321300
Калк конуштарынын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы
14 400,0
14 400,0
14 400,0
11412100
Сатуудан алынуучу салык
13 216,0
11462
Роялти
1 106,0
1 149,0
1 172,0
14
Салык эмес кирешелер
32 628,6
32 628,6
32 628,6
14151200
Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм
155,0
155,0
155,0
14152100
Калк конушундагы жердин ижарасы үчүн төлөм
7 000,0
7 000,0
7 000,0
14153200
Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм
2 100,0
2 100,0
2 100,0
14224200
Таштанды чыгаруу үчүн жыйым
490,0
490,0
490,0
14224300
Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым
750,0
750,0
750,0
1423
Төлөөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр
22 133,6
22 133,6
22 133,6
3
Активдер жана милдеттенмелер
1 000,0
1 000,0
1 000,0
314121
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу
1 000,0
1 000,0
1 000,0
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.А.Кабаева
КР Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын
башчысы
Г.Т.Жумалиева
Токмок шаардык кеңешинин
2020-жылдын 4-февралындагы
№256/32-4 токтомуна
№2 тиркеме
Токмок шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша
бөлүгү жана 2021-2022-жылдарга болжолу
(миң сом)
Бөлүм
Аталышы
2020-ж.
Болжол
2021-ж.
2022-ж.
701
Мам.кызматтар
бюджеттик каражаттар
25852,4
27662,1
28492,0
атайын каражаттар
702
Коргонуу
бюджеттик каражаттар
1614,2
1727,2
1779,0
703
Коомдук тартип
бюджеттик каражаттар
атайын каражаттар
336,0
336,0
336,0
706
Турак жана коммун. кызмат көрсөтүү
бюджеттик каражаттар
142759,2
154404,0
160945,8
707
Саламаттыкты сактоо
бюджеттик каражаттар
1813,5
1940,4
1998,6
708
Маданият
бюджеттик каражаттар
19183
20446,3
21059,7
атайын каражаттар
1302,1
1302,1
1302,1
709
Билим берүү
бюджеттик каражаттар
53568,8
57318,6
59038,2
атайын каражаттар
20495,5
20495,5
20495,5
710
Социалдык өнүгүү
бюджеттик каражаттар
5521,7
5908,2
6085,5
БАРДЫГЫ ЧЫГЫМДАР
272446,4
291540,4
301532,4
бюджеттик каражаттар
250312,8
269406,8
279398,8
атайын каражаттар
22133,6
22133,6
22133,6
Токмок
шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
С.А. Кабаева
КР Каржы министрлигинин
Г.Т.Жумалиева
Чүй башкармалыгынын башчысы
Токмок шаардык кеңешинин
2020-жылдын 4-февралындагы
№256/32-4 токтомуна
№3 тиркеме
Токмок шаарынын бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүн
жана 2021-2022-жылдарга болжолу боюнча жөнгө салуу планы
(миң сом)
КИРЕШЕЛЕР
2020-жыл
Болжол
2021-жыл
2022-жыл
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен
%
сумма
%
сумма
%
сумма
1.Жөнгө салынуучу кирешелер
188255,0
207349,0
217341,0
Салык агенттер төлөөчү киреше салыгы
85
125948,0
100
158215,0
100
168184,0
Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык
100
3300,0
100
3300,0
100
3300,0
Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык
100
5030,0
100
5030,0
100
5030,0
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
100
39500,0
100
39500,0
100
39500,0
Сатыктан алынуучу салык
25
13216,0
Роялти
50
1106,0
50
1149,0
50
1172,0
Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм
100
155,0
100
155,0
100
155,0
2.Бекитилген кирешелер
84191,4
84191,4
84191,4
Жеке ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык
100
250,0
100
250,0
100
250,0
Жеке ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ
100
17547,0
100
17547,0
100
17547,0
Жеке ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ
100
300,0
100
300,0
100
300,0
Унаа каражаттары үчүн салык
100
13990,0
100
13990,0
100
13990,0
Жеке жактардан алынган жер салыгы
100
4130,0
100
4130,0
100
4130,0
Юридикалык жактардан алынган жер салыгы
100
14500,8
100
14500,8
100
14500,8
Жер ижарасы үчүн төлөм
100
7000,0
100
7000,0
100
7000,0
Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм
100
2100,0
100
2100,0
100
2100,0
Таштанды чыгаруу үчүн жыйым
100
490,0
100
490,0
100
490,0
Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым
100
750,0
100
750,0
100
750,0
Юстиции органдарынан алынган мам.салык(госпошлина)
100
100
100
Төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр
100
22133,6
100
22133,6
100
22133,6
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу
100
1000,0
100
1000,0
100
1000,0
Бардыгы кирешелер
272446,4
291540,4
301532,4
анын ичинде:
бюджеттик каражаттар
250312,8
269406,8
279398,8
атайын каражаттар
22133,6
22133,6
22133,6
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
С.А.Кабаева
КР Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы
Г.Т.Жумалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 193/27-4 "Токмок шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2019 · № 193/27-4
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3