241-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун (мындан ары - Президенттин фонду) түзүү каралат.
2. Президенттин фондунун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттин бекитилген/такталган жалпы чыгашаларынын 1 пайызынан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке албаганда);
2) коррупциялык иштер боюнча орду толтурулган каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
3. Президенттин фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
1) инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого;
2) калктын социалдык-экономикалык абалык жакшыртууга;
3) билим берүү программаларын жана чет өлкөдө билим берүү программалары боюнча окуп жаткан студенттерди каржылоого;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) чечими менен аныкталуучу башка иш-чараларга.
4. Президенттин фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин чечими менен аныкталат.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда Президенттин фондунун каражаттары бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.
6. Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Президенттин фондунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
241-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттин алынып салынды: бекитилген чыгымдарынан кошулду: бекитилген/такталган жалпы чыгашаларынын 1 алынып салынды: пайыздан кошулду: пайызынан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке … фондунун каражаттары бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.
кошулду: 6. Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Президенттин фондунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.02.2022 · № 63
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрели № 216-т "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө"…Распоряжение · 21.04.2022 · № 216-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-241" title="241-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>