Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 31-декабры № 233 Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө (КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 124 847 825,5 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 146 871 674,1 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 22 023 848,6 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 22 023 848,6 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2017-жылга кирешелер боюнча болжол – 126 828 552,6 миң сом суммасында, 2018-жылга – 129 769 117,0 миң сом суммасында;
2) 2017-жылга чыгашалар боюнча болжол – 150 150 490,9 миң сом суммасында, 2018-жылга – 152 113 978,5 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 23 321 938,3 миң сом суммасында, 2018-жылга – 22 344 861,5 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2018-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2017-2018-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2016-2018-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2016-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 8 734 076,9 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен алар 2016-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 500000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылы – 360 427,2 миң сом суммасында, 2017-жылы – 500 000,0 миң сом, 2018-жылы 600 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
3) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана тескемелерине ылайык, зарыл болгондо өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга карата тиешелүү түзөтүүлөр киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
8-берене. 2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2016-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө - 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммаларынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммаларын.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 2016-жылы - 86656,2 миң сом, 2017-жылы - 130101,1 миң сом, 2018-жылы - 119895,9 миң сом суммасында 9-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү чыгашалардын 1609300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.
4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
13-берене. Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1140,0 сом, 2018-жылга 1220,0 суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттар өз убагында кайтарылбаган, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүп жиберилген учурда мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга жатат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене. Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене. Пилоттук министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун 2016-2018-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
18-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 68 · байланышкандар: 17
Цитата келтиргендер (68)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 131-VI "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.12.2015 · № 131-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 17-декабрындагы № 110-VI "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.12.2015 · № 110-VI
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-августундагы № 370-б (Кредиттик каражаттарды бѳлγп берγγ жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 16.08.2016 · № 370-р
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 23-августундагы № 382-б ( Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 23.08.2016 · № 382-р
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-августундагы № 373-б (Республикалык бюджеттен акча каражаттарды бѳлγγ жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 16.08.2016 · № 373-р
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын жарандарынын сѳѳгγн жеткирγγгѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берγγ жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 15.11.2016 · № 487-р
- КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 132-VI "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.12.2015 · № 132-VI
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 339
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 351 "2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө"…Постановление · 23.06.2016 · № 351
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 626 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти түзүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2015 · № 626
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 352 "Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 23.06.2016 · № 352
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 350-б (Казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын интеграциялоо тууралу)…Распоряжение · 02.08.2016 · № 350-р
- А.Масалиев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 26/2 "Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин…Постановление · 12.02.2016 · № 26/2
- Майдан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы № 8 "Айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы, “2016-жылдын бекитүү жана 2017-18жылдар үчүн бюджеттин долбоорунун…Постановление · 09.02.2016 · № 8
- Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-февралындагы № 48/2 "Кадамжай шаарынын мэриясынын 2015- жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдар үчүн…Постановление · 19.02.2016 · № 48/2
- Кара – Балта шаарынын шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 20- апрелиндеги № 2 "«Кара – Балта шаарынын 2015 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2016 – жылынын бюджети жана…Постановление · 20.04.2016 · № 2
- Айдаркен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №34/2 "Апдаркен шаардык мэрияеынын бюджетинин 2015-жылга аткарылышы, 2016-жылга белгиленген бюджетин бекитүү жана…Постановление · 10.02.2016 · № 34/2
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 2013-VI "Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү…Постановление · 23.11.2017 · № 2013-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябры № 1129-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 30.11.2016 · № 1129-VI
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-сентябрындагы № 405-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын эсебине келип түшкөн каражатты…Распоряжение · 23.09.2016 · № 405-р
68 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (17)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 1 "Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2016 · № 1
- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 4-декабрындагы № 2 “Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө”…Постановление · 04.12.2017 · № 2
- Нарын шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 23-мартындагы № 2 2Нарын шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджети жана 2017-2018- жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.03.2016 · № 2
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-февралындагы № 67-б (Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 19.02.2016 · № 67-р
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралындагы № 32-2 "Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин жана 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү…Постановление · 22.02.2016 · № 32-2
- Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-февралындагы № 23-2 "Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга…Постановление · 19.02.2016 · № 23-2
- Бел айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы №8-1 «Бел» айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга айылдык бюджети жана 2019-2020-жылдарга…Постановление · 19.12.2017 · № 8-1
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 586 "Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу айрым облустук мекемелерди жана мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк…Постановление · 15.11.2016 · № 586
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 1133-VI "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2016 · № 1133-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 17 ноября 2016 года № 1099-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской…Постановление · 17.11.2016 · № 1099-VI
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 26.02.2016 · № 73-р · Күчүн жоготкон
- "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын" НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-июлундагы № 423 токтому менен бекитилген)Стратегия · 05.06.2017 · № 423 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б (Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана…Распоряжение · 05.11.2013 · № 437-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 560-б (Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө…Распоряжение · 17.11.2015 · № 560-р · Күчүн жоготкон
- Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № XXXII-1 "Ноокат шаардык мэриясынын 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга шаардык мэриясынын…Постановление · 25.02.2016 · № XXXII-1
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 14.03.2016 · № 100-р · Күчүн жоготкон