Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн (Кредиттик каражаттарды бѳлγп берγγ жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 16-августу № 370-б Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында 2011-жылдагы табигый кырсыктын натыйжасында жабыркагандар γчγн 45 батирлуу турак γйдγн курулушун ѳз убагында аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кадамжай ѳндγрγштγк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык 45 батирлγγ турак γйдγн курулушу γчγн 40 164 660 (кырк миллион жγз алтымыш тѳрт миң алты жγз алтымыш) сом ѳлчѳмγндѳгγ кредиттик каражаттардын калган суммасын бѳлγп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштуу ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б (2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык…Распоряжение · 05.06.2015 · № 242-р
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233