Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 26 октября 2016 года № 466-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства Кыргызской Республики от 5 ноября 2013 года № 437-р и 14 марта 2016 года № 100-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-14.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-октябрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 14-марты № 100-б Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду Кыргыз Республикасында даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо, ошондой эле Атом энергиясы боюнча федералдык агенттик (МАГАТЭ), бул багыттар боюнча башка донорлор жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик жөнгө салуучу орган болуп аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (кызматы боюнча) МАГАТЭ менен техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору болуп аныкталсын.";
- 2-пункт "тиркеме" деген сөздөн кийин "1" деген цифра менен толукталсын;
- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- МАГАТЭнин техникалык кызматташтык программасына катышуу үчүн (2016-2017-жылдарда) программанын бардык наркынын 5% өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын төлөөчү үлүшү үчүн акча каражаттарын издеп тапсын;
- "2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдардагы болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйрукту ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.";
- Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Т.Сариев
1-тиркеме "1-тиркеме
Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Джунушалиев Т.Ш.
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, МАГАТЭ менен техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Темиралиев Т.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Доталиев У.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Байгончоков М.К.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Горин О.В.
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Рустамов А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Утурова Д.Дж.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Сейтказиева А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин директорунун орун басары;
Алымкулов С.А.
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Джээнбаев Б.М.
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биология-кыртыш институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Исаков М.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгынын начальниги;
Тилебалиев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
Камалов А.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
Байзаков С.Ш.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн экспертиза секторунун башкы эксперти;
Сатылканова А.Р.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
Мурзаев К.С.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги;
Бейшеналиев Р.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкармалыгынын бажы контролу бөлүмүнүн начальниги;
Малухин И.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясынын начальнигинин орун басары - башкы геолог.".
2-тиркеме 2-тиркеме Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенип, ишке ашырат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын милдеттери жана функциялары
4. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө, радиациялык коопсуздукту камсыздоого жана атом энергиясын тынчтыкта пайдалануу технологияларын өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарды иштеп чыгуу жана жактыруу;
- калктын радиациялык коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого сунуштарды иштеп чыгуу.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары төмөнкүлөр:
- уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө, радиациялык коопсуздукту камсыздоого жана атом энергиясын тынчтыкта пайдалануу технологияларын өнүктүрүүгө байланыштуу программаларды жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын калктын радиациялык коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун иштерин координациялоо;
- Радиациялык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин кароо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктары
6. Ведомстволор аралык комиссия коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий жана башка уюмдардан белгиленген тартипте Ведомстволор аралык комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна тиешелүү маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарылдыгына жараша министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдардын кызматкерлерин тартууга;
- белгиленген тартипте, уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө, радиациялык коопсуздукту камсыздоого жана атом энергиясын тынчтыкта пайдалануунун технологияларын өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер боюнча Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (мындан ары - МАГАТЭ), башка донорлор жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- радиациялык коопсуздукту камсыздоо жана атом энергиясын тынчтыкта пайдалануу тармагында Кыргыз Республикасынын МАГАТЭ, башка донорлор жана эл аралык уюмдар менен техникалык кызматташтык маселелери боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы
7. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө, радиациялык коопсуздукту камсыздоо жана атом энергиясын тынчтыкта пайдалануу технологияларын өнүктүрүүгө байланыштуу айрым маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, илимий жана башка уюмдарга, уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө, радиациялык коопсуздукту камсыздоого жана атом энергиясын тынчтыкта пайдалануу технологияларын өнүктүрүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн талдоолорду жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчилерине тапшырма берүүгө.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
8. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындары зарылдыкка жараша өткөрүлөт.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарынын саны тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү добуш деп эсептелет.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими протокол менен таризделет, протоколдо төрага же жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө протоколду Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү жүргүзөт.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
13. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп саналат.
14. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылгандыгы үчүн персоналдуу жоопкерчиликти тартат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурат жана пландаштырат;
- радиациялык коопсуздук жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана башка уюмдардын ишин координациялоого карата Ведомстволор аралык комиссияга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча алардын ишин маалыматтык-аналитикалык, уюштуруу-методикалык, документациялык камсыздоону уюштурат;
- зарыл болгон учурларда, калктын радиациялык коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана башка уюмдардын жетекчилеринин катытуусунда кеңешмелерди уюштурат;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана башка уюмдардын Ведомстволор аралык комиссиясынын берилген тапшырмаларын жана чечимдерин аткаруусун контролдойт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-октябрындагы № 466-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 5-ноябрындагы№ 437-б жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын…Распоряжение · 26.10.2016 · № 466-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б (Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана…Распоряжение · 05.11.2013 · № 437-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-октябрындагы № 466-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 5-ноябрындагы№ 437-б жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын…Распоряжение · 26.10.2016 · № 466-р
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.12.2016 · № 214
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б (Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана…Распоряжение · 05.11.2013 · № 437-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233