Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын интеграциялоо тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 2-августу № 350-б Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүгө келишим түзүүдө бюджеттик каражаттардын үнөмдөлгөн суммасын беренелер боюнча чагылдыруу аркылуу, казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын интеграцияласын;
- атайын каражаттарды, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана кошумча төлөмдөрдү, ошондой эле улуттук коопсуздук жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын каражаттарын кошпогондо, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн натыйжасында бюджеттик мекемелердин үнөмдөлгөн каражаттарын "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин чыгымдардын экономикалык беренелерине карата функционалдык классификациялардын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсебине топтоштурсун.
2. Республикалык бюджеттен каржылануучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн каражаттарды өз убагында чагылдырышсын жана белгиленген тартипте өзүнчө казыналык эсепке аларды топтоштуруу үчүн сметалык багыттоолорду өзгөртүү тууралуу маалымкат-билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 438-VI · Күчүн жоготкон