Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын эсебине келип түшкөн каражатты минералдык жер семирткичтерди. азык-түлүк буудай данын жана кумшекер сатып алуу пайдалану боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 23-сентябры № 405-б Өлкѳнүн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсетүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын эсебине келип түшкөн 400,0 млн сом суммасындагы каражатты минералдык жер семирткичтерди. азык-түлүк буудай данын жана кумшекер сатып алууга пайдалансын;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2016-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бул каражатты пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган чыгымдарды каржылоону караган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроѳнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.12.2016 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.