14-берене
Күчүндө · 22.12.2016 редакциясы
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттар өз убагында кайтарылбаган, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүп жиберилген учурда мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга жатат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
Берененин тексти 22.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111277/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>