Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
А.Масалиев айылдык кеңешинин «Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 26/2 Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
А.Масалиев айылындагы айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик, укуктук негизги принциптери жөнүндөгү” , 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 “Өз алдынча башкаруу органдарынын финансы – экономикалык негиздери жөнүндөгү” 2015-жылдын 31-декабрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдарынын негизиде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджети киреше булагы 13297,3 миң сом , өлчөмүндө чыгаша бөлүгүнү 11857,3 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү алымча кошумча менен 13690,0 миң сом өлчөмүндө, №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгашалар бөлүгү алымча кошумча менен 13690,0 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2016-жылга атайын каржаттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 577,8 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдар үчүн негизиг параметрлеринин болжолу 2017-жыл кирешелери жана чыгашалары 13053,1 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык 2018-жылга кирешелери жана чыгашалары 130480,1 миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык жактырылсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак-аш, комуналдык төлөмдөр) жүгүзүлсүн.
7. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
8. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
9. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн бюджетинин жумшалышын, сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу, каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи, К.Имаровго тапшырылсын.
10. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети 2016-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын жана Баткен облуттук юстициядан каттоодон өткөрүү жагын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаевге жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык
Кеӊешинин төрагасы
Ю.Бекботоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон