3-берене. Жарандардын иш менен камсыз кылынышы
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198
Иш менен камсыз болгон жарандарга, ошондой эле ишмердиги иш менен камсыз кылууга теңештирилген жарандарга төмөнкүлөр кирет:
1) эмгек келишими боюнча толук же болбосо толук эмес жумуш убактысынын шарттарында сый акы үчүн иштеген, ошондой эле тиешелүү келишим менен тастыкталган акы төлөнүүчү иши бар, бирок оорусуна, өргүүсүнө, өндүрүштүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу убактылуу иши жоктор;
2) мамлекеттик, муниципалдык органдарда мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызмат ордун ээлегендер жана акчалай сый акы үчүн кесиптик ишти туруктуу негизде жүзөгө ашыргандар;
3) өздөрүн өз алдынча иш менен камсыз кылуучулар, анын ичинде чакан жана орто бизнес ишкерлери, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандар;
4) эгерде өндүрүлгөн продукция рынокто сатууга багытталган болсо, айыл чарба, токой чарба, аңчылык, балык уулоо продукцияларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү кошо алганда, үй чарбасында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү менен алектенгендер, өндүрүш кооперативдеринде, дыйкан (фермер) чарбаларында иштегендер, ошондой эле 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлерге ээлик кылуу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө катышкандар;
5) маңызы жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү болуп саналган жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча иштерди аткаруучулар;
6) альтернативдик кызмат өтөөчү адамдарды кошпогондо, аскердик кызмат, ошондой эле ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, бажы органдарында, жазык-түзөтүү системасынын, өрткө каршы кызматтын мекемелеринде жана органдарында кызмат өтөп жаткандар;
7) аскер окуу жайларында жана аскер академияларында окутууну кошкондо, жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу курстарынан өткөндөр;
8) иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген коомдук коммерциялык эмес уюмдарда иштеп жаткандар;
9) ушул уюмдарга карата мүлктүк укуктарга ээ эмес коомдук уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун, юридикалык жактардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана бирликтеринин) уюштуруучуларын (катышуучуларын) кошпогондо, уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) болуп саналгандар.
(КР 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндөгү жобого Усулдук көрсөтмөлөр (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык…Методические указания · 24.08.2026 · № 199
- Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издөөчү жарандары катары каттоо жана иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча активдүү чараларды ишке ашыруу боюнча Усулдук көрсөтмөлөр…Методические указания · 24.07.2024 · № 126
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 25.12.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 58 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик…Приказ · 16.04.2019 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын…Постановление · 25.03.2022 · № 168 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-3" title="3-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>