4-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик колдоо кепилдиктери
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 марта 2018 года № 33
1. Иш менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүдөй кепилдиктер берилет:
1) иштин түрүн, кесипти (адистикти), эмгектин түрүн жана мүнөзүн тандоо эркиндиги;
2) иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органдарынын ортомчулугу менен ылайыктуу жумуш тандоого жана ишке орношууга көмөктөшүү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик багыт берүү, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү алуу;
4) окууга чек боюнча окутууну кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо мезгилинде, анын ичинде убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде стипендия алуу;
5) ишкердик иштин маселелери боюнча консультация алуу;
6) акы төлөнүүчү коомдук иштердин программаларына катышуу;
7) расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча, анын ичинде алардын убактылуу ишке жараксыз мезгилинде жөлөкпул төлөө.
2. Жумушсуздарды социалдык жактан колдоого кепилдиктерди каржылоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тартибин белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. (КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-4" title="4-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>