2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жумушсуздар - жумушу же иш менен камсыз кылууга, эмгек акыга (кирешеге) теңештирилген иши жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
2) убактылуу иш менен камсыз кылуу - убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичинде келишим боюнча аткарылуучу туруктуу эмес жумуш;
3) иш менен камсыз кылуунун ыңгайлуу түрлөрү - кызматкерлерди иш менен камсыз кылуунун стандарттык эмес шарттарын (толук эмес иш убактысы, вахталык ыкма жана башка) колдонууга негизделген жумушчу күчүн пайдалануунун түрлөрү;
4) жумуш издеген жарандар - жумуш (жаңы) издеген жана ага киришүүгө жөндөмдүү эмгекке жарамдуу жарандар. Алар ылайыктуу жумуш издөө максатында калкты иш менен камсыз кылуу кызматында катталган жана катталбаган болушу мүмкүн;
5) иш менен камсыз кылуу - жарандарга киреше (эмгек акы) алып келүүчү, алардын жеке жана коомдук керектөөлөрүн канааттандыруу менен байланышкан, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай эмгек иши;
6) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучу жумушсуз жана жумуш издеген калктын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик колдоо чаралары;
7) акы төлөнүүчү коомдук жумуштар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары менен бирге уюштуруучу, жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылуу үчүн иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча алар тарабынан аткарылуучу жана социалдык-пайдалуу багыты бар жумушсуз жарандын алдын-ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, эмгек ишинин түрлөрү;
8) иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органы - иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын ишке ашыруучу жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик орган;
9) расмий жумушсуздар - жумушу же эмгек акыга (кирешеге), иш менен камсыз кылууга теңештирилген иши жок катары калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында катталган, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр болгон эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
10) ылайыктуу жумуш - жаран аткарууга жөндөмдүү, билими квалификациясы, кесиптик даярдыгы, иш тажрыйбасы, ден-соолугу боюнча туура келген, жашаган жеринен же болбосо турган жеринен алыс эмес (жол жүрүү бир сааттан ашпаган) жана эң төмөнкү эмгек акынын белгиленген деңгээлинен төмөн эмес эмгек акыга кепилдик берүүчү иш;
11) жумушсуздук боюнча жөлөкпул - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жумушсуз жарандарга кепилденген колдоонун түрү;
12) кесиптик окутуу жана кайра окутуу - эмгек рыногунда жумушсуз жарандардын атаандаштык кудуретин жогорулатуу үчүн аларды кесиптик даярдоо квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
13) кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген аракетке жөндөмдүү жеке жак;
14) иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилесине кирген жеке же юридикалык жак;
15) эмгек рыногу - иш берүүчү (суроо-талап) менен жумушчу күчүн (сунушту) бириктирүүчү механизм;
16) өз алдынча иш менен камсыз болуу - менчик бизнести жүзөгө ашыруучу жана өзүн иш менен камсыз кылуучу адамдардын эмгек ишмердигинин түрү;
17) эмгек ортомчулугу - иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органдарынын, ошондой эле жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын калкты ишке орноштурууга көмөктөшүүсү;
18) Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
19) окуу жайы - билим берүү иши менен алектенүүгө укуктуу, ошондой эле жумушсуз жарандарды окутууга конкурстук тандоодон өткөн уюм;
19-1) формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу - эмгек мыйзамдарына ылайык таризделбеген эмгек иши;
20) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
21) (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) социалдык контракт - жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (же алардын тобунун) жана жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми үй-бүлө (же алардын тобу) Программа менен каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 апреля 2020 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
09.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
кошулду: 22) социалдык контракт - жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (же алардын тобунун) жана жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми үй-бүлө (же алардын тобу) Программа менен каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № алынып салынды: 61 кошулду: 61, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.03.2018 · № 33
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 17.03.2023 · № 61
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-2" title="2-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>