9-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнү токтотуу, убактылуу токтотуу
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61
1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү жаранды расмий жумушсуз катары эсептен алып салуу менен бирге төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаранды иш менен камсыз кылынган катары тааныганда;
2) расмий жумушсуз эки айдын ичинде жүйөлүү себептерсиз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келбегенде;
3) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында каралган тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;
4) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) жалган маалыматтарды берүүдөн улам жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып жатканда;
6) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондо;
7) каза болгондо.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө төмөнкүдөй мезгилге токтотулат:
1) жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан;
2) окуп жаткан мезгилине стипендия төлөнүү менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өтүп жаткан.
Көрсөтүлгөн мезгилдер жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт, ал эми жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө убактысы ошол мезгилдерге узартылат.
3. Төмөнкүдөй учурларда жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө бир айга убактылуу токтотулушу мүмкүн:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жумуш берүүчү менен жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жүйөлүү себептерсиз келбегенде;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып жумушка (окууга) жолдомо алуу үчүн 3 жумушчу күндүн ичинде жүйөлүү себептерсиз келбегенде.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жумушсузга чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. (КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 апреля 2020 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…укуктуу мамлекеттик органга келбегенде;
3) Кыргыз Республикасынын кошулду: пенсиялык мыйзамдарында каралган тартипте кошулду: жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;
4) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына … № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № алынып салынды: 43 кошулду: 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.03.2018 · № 33
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-9" title="9-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>