Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
46-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Президент:
1) ушул Конституцияда аныкталган тартипте Премьер-министрди жана
Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт;
2) Премьер-министрдин, Өкмөттүн же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан
кетүү жөнүндө өтүнүчүн кабыл алат; Премьер-министрдин же Өкмөттүн кыз- маттан кетүү жөнүндө чечимин кабыла алат;
3) өзүнүн демилгеси менен же Премьер-министрдин сунушу боюнча Өк-
мөт мүчөсүн бошотот;
4) Премьер-министрдин сунушу боюнча администрациялык ведомстволор-
дун, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт; өз де- милгеси боюнча же Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу бо- юнча администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдары- нын жетекчилерин кызматтан бошотууга укуктуу;
5) Премьер-министр менен кеңешкенден кийин жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
6) Мамлекеттик катчыны дайындайт, анын статусун жана ыйгарым укук-
тарын аныктайт; өзүнүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрация- сын түзөт;
7) Коопсуздук кеңешин жана башка координациялоочу органдарды түзөт
жана башчылык кылат;
8) өзүнө баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гварди-
яны түзөт;
9) Президентке тикелей баш ийген жана отчет берген мамлекеттик ор-
гандарды түзөт, жоет жана кайра уюштурат, алардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн
шарттарын аныктайт.
2. Президент:
1) Конституциялык соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо үчүн
талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат;
2) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча Жо-
горку соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлерди Жо- горку Кеңешке сунуш киргизет;
3) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча
жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана бошотот;
4) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт,
Башкы прокурордун сунушу боюнча Башкы прокурордун орунбасарларын дайын- дайт; аларды кызматтан бошотот;
5) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкер-
ди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орунбасарларын жана башкармасынын мүчөлөрүн дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
6) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиянын төрагасын дайындайт; Шайлоо жана референ- дум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын жарымын дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
7) Эсептөө палатасынын төрагасын жана аудиторлорун шайлоо жана
кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизет;
3. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жетекчиликти жүзөгө ашы-
рат;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эларалык ке-
лишимдерине кол коет;
3) ратификациялоо грамоталарына кол коет;
4) Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети менен кеңешкенден кийин Кыр-
гыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жана эларалык уюмдардагы дипло- матиялык өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекет- тердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана эларалык уюм- дардын өкүлдөрүнүн ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан
чыгаруу, саясий башбаанек берүү маселелерин чечет.
4. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;
2) Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарат;
3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык
чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
4) ырайым кылат.
5. Президент:
1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;
2) мыйзамдарга кол коет жана аларды элге жарыялайт; өзүнүн каршы
пикирлери менен аларды Жогорку Кеңешке кайтарып берет;
3) өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндөгү ар жылдык билдирүүлөр менен
Кыргызстандын элине кайрылат, алар Жогорку Кеңештин жыйналышында оку- лат.
4) өкмөттүн жана башка аткаруу бийлик органдарынын ченемдик-укук-
тук актыларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу.
6. Президент:
1) Жогорку Кеңештин жыйналышын мөөнөтүнөн мурда чакырууга жана ка-
рала турган маселелерди аныктоого укуктуу;
2) өз демилгеси менен референдум дайындайт; кеминде 300 миң шайло-
очунун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн де- милгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
3) Ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону
дайындайт;
4) жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындайт; мыйзамда каралган
учурларда жергиликтүү кеңештерди таркатат.
7. Президент конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон
учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми за- рыл болгон учурда аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп кирги- зет, бул жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет.
8. Президент жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;
Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет; өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун коргоо таламдарында аскер абалын жарыялайт жана бул масе- лени Жогорку Кеңештин кароосуна токтоосуз киргизет.
9. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол-
башчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жо- горку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот.
10. Президент коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер
маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат, Премьер-министрдин сунушу боюнча алар жөнүндө жобону бекитет; алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орунбасарларын дайындайт жана бошотот.
11. Президент ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган дагы
башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (10)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 28 февраля 2000 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 06.01.1999
- (Русский) Решение от 25 декабря 1998 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 25.06.1998
- (Русский) Решение от 15 июля 1997 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 12.05.1997
- (Русский) Решение от 10 февраля 1998Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 27.03.1996
- (Русский) Решение от 9 ноября 1995 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 02.10.1995
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 28 февраля 2000 года по представлению Правительства Кыргызской Республики о признании неконституционным и несоответствующим подпункту 10…Сот практикасы · Решение · 28.02.2000
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 25 декабря 1998 года по ходатайствам Президиума Совета ветеранов войны, труда и Вооруженных сил КР о признании неконституционными и…Сот практикасы · Решение · 25.12.1998
- Решение Конституционного суда КР от 10 февраля 1998 года по ходатайству гражданина Заляева А.А. о признании неконституционной и несоответствующей статьям 14, 15, 16, 17, 18, 22…Сот практикасы · Решение · 10.02.1998
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 15 июля 1997 года по представлению Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР о признании неконституционной части 1 статьи…Сот практикасы · Решение · 15.07.1997
- Решение Конституционного суда КР (По проекту Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Конституцию Кыргызской Республики", представленному Президентом…Сот практикасы · Решение · 09.11.1995
Беренеге цитата келтиргендер (270)
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 28 февраля 2000 года по представлению Правительства Кыргызской Республики о признании неконституционным и несоответствующим подпункту 10…Решение · 28.02.2000
- Указ Президента КР от 3 января 1996 года УП №2 "О референдуме в Кыргызской Республике 10 февраля 1996 года"Указ · 03.01.1996 · № 2
- Первоначальный доклад Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта о гражданских и политических правах (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской…Доклад · 13.04.1998
- Постановление Правительства КР от 8 октября 1999 года №552 "Об отмене действия и признании утратившими силу некоторых решений мэрии гор. Бишкека по вопросам выделения земельных…Постановление · 08.10.1999 · № 552
- КР Президентинин 2003-жылдын 15-октябры ПЖ № 330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө"Указ · 15.10.2003 · № 330
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жјніндј" ЖарлыгыУказ · 01.03.2007 · № 86
- Указ Президента КР от 17 октября 2002 года №278 "Об общенародном обсуждении поправок Конституции Кыргызской Республики, выработанных на основе предложений и рекомендаций…Указ · 17.10.2002 · № 278
- КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ N 311 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.07.2009 · № 311
- КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө"…Указ · 05.04.2010 · № 105
- КР Президентинин 2008-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 463 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.12.2008 · № 463
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 428 токтому менен бекитилген)Положение · 14.06.2006 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-мартындагы № 185 токтому менен бекитилген)Положение · 21.05.2007 · № 185
- КР Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы ПЖ № 37 "К.Ш.Абакиров, Э.Т.Байтикова, Ю.Сарыков жана А.А.Токбаева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.01.2008 · № 37
- КР Президентинин 2008-жылдын 31-январындагы ПЖ № 55 "Дж.С.Алиева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2008 · № 55
- 2008-жылдын 30 июлундагы ПЖ № 270 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин…Указ · 30.07.2008 · № 270
- КР Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 112 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2008 · № 112
- КР Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 505 "Р.Жусупов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.11.2007 · № 505
- КР Президентинин 2007-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 394 "К.К.Жобонов, О.К.Джаркимбаев, М.А.Токтомушев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.09.2007 · № 394
- Указ Президента КР от 6 августа 1999 года №200 " О назначении судей в Сузакский районный суд Джалал-Абадской области"Указ · 06.08.1999 · № 200
- КР Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы №468 "Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.11.2008 · № 468
270 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1/st-46" title="46-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>