Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 463 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 25-декабры ПЖ № 463 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесиндеги 11-пунктка жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
Бекешов Тыныбек Рахманбердиевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-декабрындагы № 379 Жарлыгы менен Чүй облусундагы Сокулук райондук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө шайланган; Панкратов Сергей Сергеевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-декабрындагы № 379 Жарлыгы менен Бишкек гарнизонунун аскердик сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө шайланган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп которулган; Темирбеков Лепестин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-декабрындагы № 379 Жарлыгы менен Ош шаардык сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө шайланган.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Указ Президента КР от 25 декабря 2001 года УП №379 "О Булатовой М.К., Осмонове М.К. и других"Указ · 25.12.2001 · № 379
- КР Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 "С.С.Панкратов, М.М.Исманов жана башкалар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.12.2002 · № 362
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон