Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 14-июнундагы № 428
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппараты жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты (мындан ары
- Премьер-министрдин Аппараты) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-
нин (мындан ары - Премьер-министр) ишин камсыздоочу, аналитикалык, маа-
лыматтык жана башка материалдарды даярдоочу, тийиштүү сунуштарды иштеп
чыгуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) токтом-
дорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорло-
рун даярдоочу, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдерин контролго
алуучу жана аткарылышын текшерүүчү орган.
2. Премьер-министрдин Аппараты өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мый-
замдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буй-
руктарына, Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин (мындан ары -
вице-премьер-министр), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
рат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Аппарат жетекчиси) анын орун
басарларынын көрсөтмөлөрүнө жана ушул Жобого таянат.
3. Премьер-министрдин Аппараты Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты
менен байланышта иштейт жана аткаруу бийлигинин органдары жана башка
мамлекеттик органдар менен бирдикте Өкмөттүн жана Премьер-министрдин
ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздайт.
4. Премьер-министрдин Аппараты юридикалык жак болот жана Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, өзүнүн аталышы
жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү
бланктары болот.
II. Премьер-министрдин Аппаратынын функциялары
5. Премьер-министрдин Аппараты:
а) экономиканын тармактарында, финансы, коргонуу, коопсуздук, ички
жана тышкы саясат чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу
маселелеринде Премьер-министрдин ишин камсыздайт;
б) республикадагы социалдык-экономикалык абалга талдоо жүргүзөт,
аткаруучу бийлик органдарына тийиштүү маалыматтарды иштеп чыгат, эконо-
миканын тармактарын жана тармакчаларын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү
божомолдорун даярдоону уюштурат жана экономиканы өнүктүрүү, социалдык
жана чарбалык маанидеги негизги масслелерди чечүү боюнча сунуштарды
Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин кароосуна кир-
гизет, жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга жараша ишти жакшыртуу жана
кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;
в) Өкмөттүн, Премьер-министрдин токтомдору менен буйруктарынын
долбоорлорун жана Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-минист-
рлердин, Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын министрликтерге,
мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик
фонддорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз
алдынча башкарууларга (өткөрүп берилген мамлекеттик функциялардын че-
гинде), юридикалык жактарга (уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү
барларга) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин тапшырмаларын аткарууну уюштуруу боюнча, ошондой эле
Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат же-
текчисинин жана анын орун басарларынын компетенциясына кирген башка ма-
селелер боюнча тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
г) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иште-
рин координациялайт, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун, мамлекеттик фонддордун өз ара байланышта
иштөөсүн камсыздайт, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жа-
на жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Өкмөттүн компетенциясына кирген масе-
лелер боюнча актыларын, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин жана
вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткарышына контролду уюштурат.
Зарыл болсо иштин чыныгы абалын текшерет жана ал чечимдердин жана тап-
шырмалардын аткарылышын камсыздоо боюнча кошумча чара көрүү жөнүндө су-
нуштарды иштеп чыгат, аткаруунун жүрүшүн, кабыл алынган чечимдердин жа-
на берилген тапшырмалардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун талдайт,
ал чечимдерди жана тапшырмаларды аткаруунун кошумча же алтернативдүү
жолдору жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
д) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына расмий түшүндүрмө бе-
рет;
е) Өкмөткө жана Премьер-министрдин Аппаратына келген документтерди
жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын жана жарандардын кайрылу-
уларын иштеп чыгат жана Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге,
Аппарат жетекчисине жана анын орун басарларына баяндайт, киргизилген
документтер жана кайрылуулар боюнча аналитикалык, маалыматтык жана баш-
ка материалдарды, ошондой эле алар боюнча Премьер-министрдин, ви-
це-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын
тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт жана чара көрүү үчүн тийиштүү ат-
каруучу бийлик органдарына жиберет;
ж) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын сунуштарын эске алуу менен Өкмөттүн иш планынын долбоорло-
рун даярдайт;
з) Өкмөттүн жыйындарында каралчу материалдар боюнча керектүү ана-
литикалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ал жыйындарды уюшту-
руу жагынан камсыздайт, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин
катышуусу менен өткөрүлчү кењешмелерди жана башка иш-чараларды даяр-
дайт, кабыл алынган чечимдерди тариздейт жана чыгарат;
и) иш кагаздардын так жүргүзүлүшүн, кызматтык жана мамлекеттик
сырды камтыган маалыматтардын жана мыйзам менен корголуучу башка маалы-
маттардын жашырындык режими сакталышын камсыздайт;
к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген компетенциясы-
нын чегинде Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик коми-
теттеринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларын тандоону жана жайгаш-
тырууну ишке ашырат;
л) Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлеринин эмгеги жана ти-
ричилиги үчүн керектүү шарттарды түзөт;
м) Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу
өкүлү менен бирдикте мыйзам чыгаруу иши боюнча Премьер-министрдин Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен өз ара байланышта иштешүүсүн
камсыздайт жана Өкмөттүн өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин ишине катышуусун уюштурат;
н) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын Өкмөткө
жана Премьер-министрдин Аппаратына келген суроо-талаптарын иштеп чыгуу-
ну уюштурат, алар боюнча Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлер-
дин, Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын
долбоорлорун, ошондой эле корсөтүлгөн маселелер боюнча жооптун долбоор-
лорун даярдайт;
о) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдору жана прото-
колдук тапшырмалары өз убагында жана сапаттуу аткарылышына контролду
камсыздайт;
п) мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен келген мыйзам долбо-
орлору боюнча Өкмөттүн жазуу жүзүндөгү корутундуларын жана расмий пи-
кирлерин даярдоону уюштурат;
р) соттордон Өкмөткө жана Премьер-министрдин Аппаратына кирген до-
кументтердин иштетилишин аныкталган тартипте уюштурат;
с) жарандардын Өкмөткө жана Премьер-министрдин Аппаратына дарек-
телген кайрылууларын карайт жана аларда коюлган маселелерди чечүү боюн-
ча сунуштарды даярдайт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таттарынын, жарандардын жана уюмдардын Өкмөткө жана Премьер-министрдин
Аппаратына келген каттарын жана башка кайрылууларын кароо жана чара
көрүү үчүн аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына жиберет, жарандардын
аталган кайрылуулары боюнча маалыматтык-талдоо ишин жүргүзөт;
т) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин
протоколдук иш-чараларын өткөрүү уюштурулушун камсыздайт;
у) Өкмөттүн чечимдерине, Премьер-министрдин жана вице-премьер-ми-
нистрлердин тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
III. Премьер-министрдин Аппаратынын структурасы
6. Премьер-министрдин Аппаратынын уюштуруу структурасына Премь-
ер-министрдин Аппаратынын жетекчилиги (башкармалыктар жана өз алдынча
бөлүмдөр) кирет. Премьер-министрдин Аппаратын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр башкарат, анын эки,
анын ичинен бирөө биринчи орун басары болот. Башкармалыктардын курамына
бөлүмдөр жана секторлор кирет, өз алдынча бөлүмдөргө секторлор кириши
мүмкүн. Премьер-министрдин Аипаратынын структуралык бөлүмдөрү өз иште-
рин бири бири менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт.
7. Премьер-министрдин Аппаратынын структурасын жана штатын Өкмөт
бекитет.
8. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисин -
министрди кызматка Премьер-министрдин сунушу жана Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Президен-
ти дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисин-ми-
нистрди ээлеген кызматынан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясынын 46-статьясы жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы менен жөнгө салынат.
9. Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кыз-
матчы болушат. Премьер-министрдин Аппаратынын жооптуу кызматкерлери
ушул Жобо менен аныкталуучу компетенцияларынын чегинде жана Премьер-ми-
нистрдин Аппаратынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорго
ылайык бардык мамлекеттик жана башка органдар жана жарандар менен бол-
гон мамиледе анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп эсептелишет.
Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлери өз иштериндеги масе-
лелер боюнча жетекчилердин жана башка кызмат адамдарынын токтоосуз ка-
был алуусуна укуктуу, ошондой эле кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен
бардык мамлекеттик жана коомдук органдарга, ишканаларга, мекемелерге
жана уюмдарга тоскоолдуксуз кирүү укугунан пайдаланышат.
Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлери өз укуктарын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат жана милдеттерди ат-
карышат.
10. Аппарат жетекчиси:
а) Премьер-министрдин Аппаратынын ишин уюштурат жана Премьер-ми-
нистрдин Аппаратына тапшырылган функциялардын аткарылышы үчүн жеке жо-
опкерчиликте болот;
б) кезектеги мезгилге карата Өкмөттүн жыйындарынын планынын долбо-
орлорун жана Өкмөттүн жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун аныктал-
ган тартипте түзөт;
в) Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн
жана башка структуралык бөлүмдөрүнүн иш тартиптерин аныктайт;
г) Өкмөткө Премьер-министрдин Аппаратынын, министрликтердин, мам-
лекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу
бийлик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
иштерин жакшыртуу жана өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
д) Премьер-министрге Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору менен мате-
риалдарды баяндайт;
е) Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын тиркемелерине кол ко-
ет;
ж) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат
жана министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ве-
домстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамле-
кеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рына тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
з) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын сот
бийлигинин органдары, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жогорку органдары ме-
нен иштешүүдө өз ара байланышты уюштурат;
и) Премьер-министрдин Аппаратынын структурасын жана штаттык санын
Өкмөттүн бекитүүсүнө берет;
к) эмгектик келишимдерди түзөт;
л) Аппарат жетекчисинин орун басарларын, Премьер-министрдин Аппа-
ратынын башкармалыктарынын начальниктерин, бөлүм башчыларын, башкарма-
лыктардын начальниктеринин жана бөлүм башчылардын орун басарларын, сек-
тор башчыларын кызматка дайындоо жана бошотуу жөнүндө Премьер-министрге
сунуштарды киргизет;
м) Премьер-министрге макулдашуу боюнча Премьер-министрдин Аппара-
тынын ушул Жобонун 10-пунктунун "л" пунктчасында көрсөтүлгөндөн башка
жооптуу кызматчыларын кызматка дайындайт жана бошотот, Премьер-минист-
рдин Аппаратынын кредиттеринин тескөөчүсү болот жана ага Өкмөттүн жана
Премьер-министрдин чечими менен берилген башка ыйгарым укуктарга ээ;
11. Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары төмөнкүдөй укуктар-
га ээ:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, аткаруу
бийлигинин башка органдарынан, мамлекеттик концерндерден, бирикмелер-
ден, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден керектүү материалдарды,
ошондой эле алардын Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин жана ви-
це-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткарганы жөнүндө отчетторду
алууга;
- министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ве-
ломстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамле-
кеттик администрацияларга токтомдордун, буйруктардын долбоорлорун даяр-
доонун жана аларды Өкмөткө берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жөнүндө ке-
ректүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, аларга Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун
жана башка документтерди корутунду үчүн жиберүүгө;
- Премьер-министрдин Аппаратынын кызматчыларын сыйлоого жана жаза
чараларын колдонууга.
12. Аппарат жетекчиси, аны орун басарлары же Премьер-министрдин
Аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо башкармалыгынын на-
чальниги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн белгиленген Регламентин, Кыр-
гыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында документтер менен
иштөөнүн Регламентинде белгиленген тартипти бузуу менен киргизилген до-
кументтерди министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык
ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мам-
лекеттик администрацияларга, уюмдарга жана мекемелерге кайра жиберишет.
13. Премьер-министрдин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары:
- Аппарат жетекчиси жокто анын милдеттерин аткарат;
- Премьер-министрдин Аппаратынын документтерди контролдоо жана ат-
каруу маселеси боюнча ишин координациялайт жана контролдойт;
- расмий делегацияларды визитке жиберүүгө жана аларды кабыл алууга
даярдануу жана өткөрүү боюнча ишти координациялайт;
- Премьер-министрдин Аппаратынын чыгымдарынын сметасы боюнча фи-
нансылык маселелерди контролдойт;
- Премьер-министрдин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык кам-
сыздоо боюнча ишти координациялайт.
14. Аппарат жетекчисинин орун басары:
- республикалык жана жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарындагы
уюштуруучулук жана кадрлык иштер тармагында бирдиктүү мамлекеттик сая-
сат жүргүзүү маселеси боюнча Прсмьер-министрдин, вице-премьер-минист-
рлердин иштерин камсыздайт;
- Премьер-министрдин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамиледеги ыйга-
рым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу уюштуруу маселелерин чечет;
- администрациялык реформа, мамлекеттик кызмат ишинин натыйжалуу-
лугун арттыруу, мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты
ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат жана координациялайт.
15. Премьер-министрдин Аппаратынын атынан жазылган, республиканын
өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абалы үчүн ор-
чундуу мааниге ээ каттарга Аппарат жетекчиси кол коет. Оперативдүү,
техникалык же уюштуруу-жол-жоболук мүнөздөгү документтерге анын орун
басарлары, айрым учурларда алардын тапшыруусу боюнча башкармалыктардын
начальниктери (бөлүм башчылар) тийиштүү башкармалыктын (бөлүмдүн) ком-
петенциясына кирген маселелер боюнча кол коюшат.
16. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыктары жана өз алдынча
бөлүмдөрү өз функцияларын ушул Жобого жана подразделениелер тейлөөчү
чөйрөдөгү маселелер боюнча Башкармалыктар жана бөлүмдөр жөнүндө жобо-
лорго ылайык аткарышат.
Башкармалыктын жана өз алдынча бөлүмдүн ишин башкармалыктын па-
чальниги жана өз алдынча бөлүмдүн башчысы тике жетектейт.
17. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыгы жана өз алдынча
бөлүмү Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин, Аппарат же-
текчисинин жана анын орун басарларынын иштерин өзү тейлеген чөйрөгө
кирген маселелер боюнча камсыздайт жана тийиштүү мамлекеттик органдар,
уюмдар менен өз ара байланышта иштейт.
18. Башкармалык жана өз алдынча бөлүм белгиленген тейлөө
чөйрөсүнүн чегинде:
а) аткаруу бийлигинин жана башкаруунун борбордук органдарынын ор-
тосундагы өз ара байланышта иштешүүнү координациялайт жана ишке ашырат,
министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомс-
тволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын, айылдык жана поселоктук кењештердин, айыл өкмөттөрдүн иштерин
алардын компетенциясына берилген маселелер боюнча башкарат, бөлүмдөрдүн
жыйындарында жана кењешмелеринде Өкмөттүн, вице-премьер-министрлердин,
Аппарат жетекчисинин, чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы
жөнүндө алардып жетекчилеринин маалыматтарын угат;
б) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, фонддордун, мамлекеттик компаниялардын, концерндердин,
бирикмелердин, уюмдардын жана мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялардын, өкмөттүк гезиттердин редакцияларынын жетекчи кадрла-
рын тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды даярдайт жана Премьер-ми-
нистрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине жана анын орун
басарларына киргизет;
в) Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын жана Өкмөттүн чечими та-
лап кылынган башка актылардын Өкмөткө киргизилген долбоорлоруна экспер-
тиза жүргүзөт, зарылдыгына жараша ал долбоорлордун текстин иштеп чыгат,
керектүү негиздемелерди даярдайт;
г) маселелерди комплекстүү жана терењ иштеп чыгуу максатында өз
ишин Премьер-министрдин Аппаратынын башка структуралык бөлүмдөрү менен
тыгыз байланышта ишке ашырат. Башкармалыктардын жана өз алдынча
бөлүмдөрдүн кызматкерлери маселелерди, маалыматтарды жана башка матери-
алдарды даярдоодо зарыл учурларда, эгср ал материалдардын экономиканын
жана социалдык чөйрөнүн башка тармактарына тиешеси бар болсо Премь-
ер-министрдин Аппаратынын башка структуралык бөлүмдөрүнүн кызматчылары
менен кењешүүгө тийиш;
д) өз функцияларын Аппарат жетекчиси бекитчү Кыргыз Республикасы-
нын Премьер-министринин Аппаратында документтер менен иштөө Регламенти-
нин жана Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын, башкармалыктын жана
бөлүмдүн иш пландарынын негизинде ишке ашырат.
Башкармалык жана өз алдынча бөлүм материалдардын комплекстүүлүгү
жана иштетилишинин, даярдалышынын сапаты, Өкмөттүн актыларынын, Премь-
ер-министрдин, вице-премьер-министрлердин буйруктарынын жана тапшырма-
ларынын долбоорлору Премьер-министрдин Аппаратынын башка подразделение-
лери менен макулдашылышы үчүн жооп берет.
19. Башкармалыктар жана өз алдынча бөлүмдөр Аппарат жетекчисине
жана анын орун басарларына алар тейлеген чөйрөгө кирген маселелер боюн-
ча иштин абалы, аткарылган иштер жана аткарууда турган тапшырмалар
жөнүндө маалымат беришет.
20. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыгынын начальниги же
өз алдынча бөлүмүнүн башчысы:
а) башкармалыктын (бөлүмдүн) ишин жетектейт, башкармалыкка
(бөлүмгө) жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте
болот, башкармалыктын (бөлүмдүн) кызматкерлеринин арасында милдеттерди
бөлүштүрөт, жогорку уюшкандыкты жана тийиштүү эмгек тартибин камсыз-
дайт, подразделениеде иш кагаздардын туура жүргүзүлүшү үчүн жооп берет;
б) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетек-
чисинин жана анын орун басарларынын башкармалыктын компетенциясына кир-
ген башка маселелер боюнча чечимдерин жана тапшырмаларын даярдоону жана
аткарууну уюштуруу үчүн башкармалыктын (бөлүмдүн) кењешмелерин өткөрөт;
в) Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-минист-
рлерде жана Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында болгон
кењешмелерге катышат;
г) Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, ошондой эле Аппа-
рат жетекчисине же анын орун басарларына башкармалык (бөлүм) тейлеген
тармакка кирген маселелер боюнча баяндама берет;
д) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, мамлекеттик комитет-
теринен, администрациялык ведомстволорунан, аткаруу бийлигинин башка
органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик ишканалардан жана уюмдар-
дан Өкмөттө жана Премьер-министрдин Аппаратында каралчу маселелер боюн-
ча иштөө үчүн керектүү материалдарды сурайт;
е) зарыл болсо Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекет-
тик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун аткаруу бийлиги-
нин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканаларынын
жана уюмдарынын кызматкерлерин Өкмөттө, Премьер-министрде, вице-премь-
ер-министрлерде, Аппарат жетекчисинде же анын орун басарында каралчу
маселелерди даярдоо үчүн ишке тартат, башкармалыктын (бөлүмдүн) компе-
тенциясына тийиштүү маселелер боюнча ал кызматкерлердин билдирүүлөрүн
угат;
ж) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-
теринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактарын
жетектөө боюнча иштерин изилдейт жана жалпылайт. Зарыл болсо башкарма-
лыктын (бөлүмдүн) кењешмелеринде жетекчилердин маалыматтарын угат;
з) Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактарын андан
ары өнүктүрүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-
циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана Кыр-
гыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, мам-
лекеттик ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын иштеринин стилин,
методдорун жакшыртуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
и) Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин, вице-премьер-минист-
рлердин, Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмалары-
нын аткарылышына такай текшерүүнү камсыздайт, аларды өз убагында жана
толук аткаруу максатында сунуштарды оперативдүү даярдайт;
к) Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялары токтомдордун, буйруктардын
долбоорлорун, докладдарды жана Өкмөттүн иш планында каралган башка ма-
териалдарды өз убагында беришин контролдойт, ал пландарга киргизилчү
маселелердин тизмесин иштеп чыгат жана Аппарат жетекчисине берет;
л) Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчи-
сине жана анын орун басарларына тейлеген тармактарындагы иштин абалы
жөнүндө ишканалардын жана уюмдардын иштерин жакшыртуу боюнча конкреттүү
сунуштар менен, Өкмөттүн чечимдери жана тапшырмалары аткарылышын конт-
ролдоонун абалы жөнүндө такай маалымат берет;
м) башкармалык (бөлүм) тейлеген чөйрөгө кирген маселелер боюнча
даярдалган материалдарга кол жана виза коет;
н) Өкмөткө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде жана
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында документтер ме-
нен иштөөнүн Регламентинде белгиленген тартипти бузуу менен киргизилген
материалдарды аткаруучу бийликтин органдарына жана башка органдарга
Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчилигине макулдашуу боюнча кайра
жиберет;
о) Аппарат жетекчисине кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, квалифи-
кациясын жогорулатуу, башкармалыктын (бөлүмдүн) кызматкерлерин сыйлоо
жана аларга карата жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
п) Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчилигине башкармалыктын
(бөлүмдүн) кызматкерлерин кызматтык жайлар, байланыш каражаттары,
компьютердик техника, оргтехника ж.б. менен камсыздоо жөнүндө сунуштар-
ды киргизет;
р) экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактары боюнча
басма сөзгө жарыяланган материалдарды иште пайдалануу максатында изил-
дейт.
21. Башкармалыктын начальнигинин же өз алдынча бөлүмдүн башчысынын
орун басары өз милдеттерин башкармалык (бөлүм) жөнүндө жобо менен анык-
талган функцияларга жана ыйгарым укуктарга ылайык аткарат.
Башкармалыктын начальниги (бөлүмдүн башчысы) убактылуу жок болгон
учурда анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.
22. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыгынын (бөлүмдөрүнүн)
жооптуу кызматкерлери:
а) экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тармактарынын маалымат
банкын жана ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо максатында иштин
факты жүзүндөгү абалын изилдешет;
б) Өкмөттүн жыйындарында, Премьер-министрдеги, вице-премьер-ми-
нистрлердеги, Аппарат жетекчисиндеги жана алардын орун басарларындагы
кењешмелерде өздөрүнүн кызматтык милдетине кирген маселелерди талкууло-
ого катышат;
в) Кыргыз Республикасынын министрликгеринин, мамлекеттик комитет-
теринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин баш-
ка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын коллегия-
ларынын жыйындарына катышат;
г) кызматтык милдеттерине кирген маселелер боюнча министрликтер-
дин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, атка-
руу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялардын, мамлекеттик бирикмелердин, ишканалардын, уюмдардын материал-
дары менен таанышууга, ошондой эле Өкмөттө каралчу маселелерди даярдоо
үчүн керектүү материалдарды алууга укуктуу;
л) башка өлкөлөрдүн ушул сыяктуу структураларынын иш тажрыйбасын
эске алуу менен Премьер-министрдин Аппаратынын ишин өркүндөтүү боюнча
инновациялык мүнөздөгү сунуштарды Премьер-министрдин Аппаратынын жетек-
чилигине киргизет.
23. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыктарында жана өз ал-
дынча бөлүмдөрүндө даярдалган чечимдердин, тапшырмалардын долбоорлорун,
Өкмөттүн кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдарды башкарма-
лыктын (бөлүмдөрдүн) кызматкерлери Өкмөттүн Жетекчилигине, Аппарат же-
текчисине же анын орун басарларына жана Премьер-министрдин Аппаратынын
башкармалыктарынын начальниктерине жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн башчы-
ларына баяндашат.
24. Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын, Премьер-министрдин буй-
руктарынын, кењешмелердин протоколдорунун, Өкмөттүн жана Премьер-ми-
нистрдин Аппаратынын Жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууга контролду
уюштурууну, талдоону жана аткарылышын текшерүүнү аларды даярдаган баш-
кармалык жана өз алдынча бөлүм ишке ашырат. Башкармалык жана өз алдынча
бөлүм ошондой эле аткаруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык маалымат жана
алардын контролдон чыгарылганы жөнүндө маалымкат даярдайт. Өкмөттүн,
Премьер-министрдин чечимдерин, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин Аппара-
тынын Жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну контролдоо, керектүү мате-
риалдарды топтоо жана жалпылоо аткаруу бийлик ишин тийиштүү органына
жүктөлүшү мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 428 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.06.2006 · № 428 · Күчүн жоготкон