Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-мартындагы
№ 185 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппараты жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 30-декабрындагы № 633,
2009-жылдын 3-июнундагы №340 токтомунун редакциясыяларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (мындан ары Өкмөттүн
Аппараты) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары Өкмөт) ишин кам-
сыздоо үчүн түзүлгөн, аткаруучу бийликтин органдары ал кабыл алган че-
чимдерди аткаруусун контролдоочу мамлекеттик орган.
2. Өкмөттүн Аппараты өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституция-
сына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына,
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына,
Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына, мыйзамда белгиленген тартипте
күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине
жана ушул Жобого таянат.
3. Өкмөттүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис-
трациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты менен бай-
ланышта иштейт жана аткаруу бийлигинин органдары жана башка мамлекеттик
органдар менен бирдикте Өкмөттүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну кам-
сыздайт.
4. Өкмөттүн Аппараты юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, өзүнүн аталышы жазылган мөөрү,
башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
II. Өкмөттүн Аппаратынын функциялары
5. Өкмөттүн Аппараты:
а) мамлекеттик башкаруу маселелерин чечүүдө, ички жана тышкы сая-
сатты ишке ашырууда, финансылык-экономикалык, баа, тариф, инвестициялык
жана фискалдык саясат жүргүзүүдө, мыйзамды, жарандардын эркиндиктерин
жана укуктарын камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы
күрөшүү, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конс-
титуциялык түзүлүштү, коргонууга жөндөмдүүлүктү, улуттук жана коомдук
коопсуздукту жана укуктук тартипти сактоо жарандык коом менен өз ара
аракеттенүү чөйрөлөрүндө Өкмөттүн ишин камсыздайт;
б) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери-
нин, Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын жана Өкмөттө кароо талап кы-
лынган башка документтердин долбоорлорун Өкмөткө киргизүүдө Өкмөттүн
Регламентинин талаптары сакталышын контролдойт; Өкмөттүн Регламенти ме-
нен белгиленген тартипти жана Өкмөттүн Аппаратында документтер менен
иштөөнүн регламентин бузуу менен Өкмөткө киргизилген материалдарды ат-
каруу бийлигинин органдарына жана башка органдарга кайра жиберет;
в) Өкмөткө келген нормативдик укуктук актылардын жана Өкмөттүн че-
чими талап кылынган башка документтердин долбоорлоруна эксперттик кору-
тундуларды даярдайт, ушул документтер боюнча сунуштарды, ошондой эле
Өкмөттө каралуучу маселелер боюнча аналитикалык жана маалымдама матери-
алдарды берет;
г) мыйзам чыгаруу демилгесине укугу бар субъектилерден келген мый-
зам долбоорлоруна Өкмөттүн жазуу жүзүндөгү корутундуларын даярдоону
уюштурат;
д) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына расмий түшүндүрмө бе-
рет;
е) республикадагы социалдык-экономикалык абалга талдоо жүргүзүүнү
уюштурат, аткаруучу бийлик органдарына тиешелүү маалыматтарды иштеп чы-
гат, экономиканын тармактарынын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүнө бо-
жомолдорду даярдайт жана Өкмөттүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын ви-
це-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер) кароо-
суна экономиканы өнүктүрүү, социалдык жана чарбалык маанидеги негизги
маселелерди чечүү, Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдарда ишти жак-
шыртуу жана кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды киргизет;
ж) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Өкмөттүн
Аппарат жетекчисинин тапшыруулары боюнча Өкмөттүн токтомдорунун жана
буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын, Өкмөттүн, Премьер-ми-
нистрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - Кыр-
гыз Республикасынын министринин (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчи-
си), анын орун басарларынын министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге,
администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
ларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (аларга өткөрүп бе-
рилген мамлекеттик функциялардын чегинде), юридикалык жактарга (устав-
дык капиталында мамлекеттин үлүшү барларга) Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимдерин атка-
рууну уюштуруу боюнча. ошондой эле Өкмөттүн, Премьер-министрдин, ви-
це-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун
басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
з) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана атка-
руучу бийликтин башка органдарынын иштерин координациялайт, алардын өз
ара байланышта иштешүүлөрүн камсыздайт;
и) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын жана жергилик-
түү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин актыларын, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин жана ви-
це-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткаруусуна контролду уюштурат.
Зарыл болсо иштин абалын изилдейт жана ал чечимдердин жана тапшырмалар-
дын аткарылышын камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө сунуш-
тарды иштеп чыгат, аткаруунун жүрүшүн, кабыл алынган чечимдердин жана
тапшырмалардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун талдайт, ал чечим-
дерди жана тапшырмаларды аткаруунун кошумча же альтернативдүү жолдору
жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
к) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын Өкмөткө
келген суроо-талаптарын иштеп чыгууну уюштурат, алар боюнча Премьер-ми-
нистрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин,
анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт жана атка-
руучу бийликтин тийиштүү органдарына карап чыгып, жооп берүү үчүн жибе-
рет;
л) жарандардын жана юридикалык жактардын Өкмөткө, Премьер-министр-
ге жана Өкмөттүн Аппаратына даректелген кайрылууларын карайт жана алар-
да коюлган маселелерди чечүү боюнча сунуштарды даярдайт, ал кайрылуу-
ларды аткаруучу бийликтин тийиштүү органдарына карап чыгып чара көрүү
үчүн жиберет; Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Өк-
мөттүн Аппарат жетекчисинин жарандарды кабыл алуусун уюштурат, жаран-
дардын көрсөтүлгөн кайрылуулары менен маалыматтык-аналитикалык иш жүр-
гүзөт;
м) Өкмөттүн жыйындарында каралчу материалдар боюнча керектүү ана-
литикалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ал жыйындарды,
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен өткөрүл-
чү кењешмелерди жана башка иш-чараларды уюштуруу жагынан камсыздайт,
кабыл алынган чечимдерди тариздейт жана каттайт;
н) иш кагаздардын так жүргүзүлүшүн, кызматтык жана мамлекеттик
сырды камтыган маалыматтардын жана мыйзам менен корголуучу башка маалы-
маттардын жашырындык режими сакталышын жана корголушун камсыздайт;
о) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген компетенциясы-
нын чегинде Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик коми-
теттерине, администрациялык ведомстволоруна, аткаруу бийлигинин башка
органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдарына кадрларды тандоону ишке ашырат;
п) Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен
өз ара байланышта иштешин камсыздайт;
р) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү сотторунда Өкмөттүн кызыкчылы-
гы боюнча ишти координациялайт; соттордон Өкмөткө жана Өкмөттүн аппара-
тына келген документтердин иштелишин аныкталган тартипте уюштурат;
с) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин
протоколдук иш-чараларын өткөрүүнү уюштурууну камсыздайт;
т) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдала-
нуу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
у) мамлекеттик органдарды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекет-
тик имараттарды күтүүгө жана пайдаланууга контролду уюштурат;
ф) мамлекеттик имараттардын жана жайлардын ижараларынан түшүүчү кара-
жаттардын түшүшүнө жана пайдаланышына эсеп жана контроль жүргүзөт;"
х) Өкмөттүн чечимдерине жана Премьер-министрдин тапшырмаларына
ылайык башка функцияларды аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633,2009-жылдын 3-июнундагы №340 токтомунун редакциясыяларына ылайык)
III. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү
6. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүнө Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги
жана подразделениелер - башкармалыктар жана өз алдынча бөлүмдөр кирет.
Өкмөттүн Аппаратын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси
министр башкарат, анын эки, анын ичинен бирөө биринчи орун басары бо-
лот.
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана анын кызматкерлеринин сандык че-
гин Өкмөт бекитет.
7. Башкармалыктардын курамына бөлүмдөр жана секторлор кирет, өз
алдынча бөлүмдөргө секторлор кириши мүмкүн. Өкмөттүн Аппаратынын түзүм-
дүк бөлүмдөрү өз иштерин бири бири менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт.
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду (тейлөө
чөйрөлөрүнүн негизги маселелерин), ошондой эле штаттык санын Премь-
ер-министр бекитет.
Өкмөттүн Аппаратынын штаттык санына Кыргыз Республикасынын мамле-
кеттик кызмат орундарынын реестринде каралган кызмат орундар киргизи-
лет.
8. Өкмөттүн Аппарат жетекчисин кызматка Премьер-министрдин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисин кызматынан бошотуу тартиби Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 46-статьясы жана "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен
жөнгө салынат.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин коомдук негиздеги кењешчилери болушу
мүмкүн.
9. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болу-
шат. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери ушул Жобо жана Өкмөттүн Аппара-
тынын тийиштүү түзүмдүк подразделениелери жөнүндө жоболор менен аныкта-
луучу компетенцияларынын чегинде бардык мамлекеттик, башка органдар жа-
на жарандар менен болгон мамиледе анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп
эсептелишет.
Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери өз иштериндеги маселелер боюнча
аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын токтоосуз кабыл
алуусуна укуктан, ошондой эле кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен бардык
мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге жана уюм-
дарга тоскоолдуксуз кирүү укугунан пайдаланышат.
Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык өз укуктарын ишке ашырышат, милдеттерди аткарышат жана
жоопкерчиликте болушат.
10. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси:
1) Өкмөттүн Аппаратынын ишин уюштурат жана Өкмөттүн Аппаратына жүк-
төлгөн функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) кезектеги мезгилге Өкмөттүн заседаниелеринин планынын жана күн
тартибинин долбоорлорун белгиленген тартипте түзөт;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин иш тартиптерин,
ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара ара- кеттенүү тартибин, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин эл алдына чыгуу жана Өкмөттүн Аппаратында кызматтык пайдалануу үчүн арналган маалыматтар- ды берүү эрежелерин аныктайт;
4) Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерин жакшыртуу жана өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Өкмөткө жана Премьер-министрге киргизет;
5) Премьер-министрге Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору менен материал-
дарды баяндайт;
6) Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын тиркемелерине кол коет;
7) буйруктарды жана приказдарды чыгарат, министрликтерге, мамлекеттик
комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырма берет, алардын аткарылышын контролдойт;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен Өкмөттүн Аппаратынын өз ара ара- кеттенүүсүн уюштурат;
9) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринде Өкмөттүн, Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышкан уюштуруу маселелерин чечет;
10) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана анын сандык чегин Өкмөттүн бекитүү-
сүнө берет;
11) мамлекеттик кызматчы эмес эксперттерди жана адистерди айрым иштерди
аткарууга тартат жана эмгек акынын белгиленген чектеринде алар менен эмгек- тик келишимдерди түзөт;
12) Премьер-министрге төмөнкү сунуштарды киргизет:
- өзүнүн орун басарларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениеле-
ринин жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын, сектор башчыларын кош- кондо кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө;
- мыйзамдарды, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин, вице-премьер-мини-
стрлердин тапшырмаларын аткарбаган же бузган фактылар аныкталган учурларда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тартиптик жазаларды колдо- нуу жөнүндө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Өкмөттүн Аппа-
ратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; сыйлайт жана тартиптик жаза колдонот;
14) Өкмөттүн Аппаратынын кредиттерин тескөөчү болуп эсептелет;
15) Өкмөттүн Аппаратында мамлекеттик кадрдык саясатты ишке ашырууну, Өкмөт-
түн Аппаратынын кызматкерлерин даярдоонун, тандоонун, жайгаштыруунун жана квали- фикацияларын жогорулатуунун бирдиктүү системаларын камсыз кылат;
16) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматкерлерин окутууну уюштурат;
17) Өкмөттүн Аппаратынын кадрларынын резервин түзүү боюнча ишти координация-
лайт;
18) аткаруу бийлиги органдарында кадрдык иштер жаатында бирдиктүү мамлекеттик
саясатты жүргүзүү маселелери боюнча Өкмөттүн жана Премьер-министрдин ишин камсыз кылат;
19) Өкмөттүн Регламентинин талаптарынын сакталышына контроль жүргүзөт;
20) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу
жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекет- тик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжа- луу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
21) сот органдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын кызыкчылыктарын
көрсөтүү маселелери боюнча чечим кабыл алат;
22) Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдери менен ага берилген башка
ыйгарым укуктарга ээ.
11. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары:
1) Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат;
2) расмий, жумушчу иш сапарларды жана делегацияларды кабыл алууну даярдоо
жана өткөрүү боюнча иштерди координациялайт;
3) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин протокол-
дук иш-чараларын өткөрүүнү координациялоону камсыз кылат;
4) Өкмөттүн Аппаратынын чыгымдар сметасы боюнча каражаттардын сарпталышына
контроль жүргүзөт, ошондой эле Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппарат жетекчи- си менен макулдашуу боюнча башка финансылык маселелерди чечет;
5) Өкмөттүн Аппаратынын ишин материалдык-техникалык камсыздоо маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ишин координа- циялайт, ага Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин чет мамлекет- тик сапарларын жана республиканын ичиндеги барууларын даярдоодо материалдык- техникалык камсыздоо маселелери да кирет;
6) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жа-
на күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча сунуш киргизет;
7) кызматтык жана мамлекеттик сырды түзгөн, ошондой эле мыйзам менен кор-
голуучу башка маалыматты коргоо жана купуялуулук режимин сактоо боюнча иштер- ди контролдойт;
8) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардын суроо-талаптары боюнча до-
кументтерди карайт жана көчүрмөсүн берүүгө жана көчүрүп алууга уруксат берет;
9) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомство-
лорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик админист- рацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн компетенция- сына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контрол- дойт;
10) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматкерлеринин укуктарын ишке ашы-
рууну камсыз кылат;
11) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кол
коюлган токтомдорун, буйруктарын "чыгарууга" виза коет;
12) сот бийлиги органдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын кызыкчы-
лыктарын көрсөтүү боюнча иштерди координациялайт;
13) Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарына жана
тапшырмаларына ылайык башка милдеттерге ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы N 340 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары:
1) Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жана Аппарат жетекчисинин биринчи орун ба-
сары жок болгон учурларда алардын милдеттерин аткарат;
2) аткаруу тартиби жана документтерди аткарууну контролдоо маселелери боюн-
ча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт жана уюштурат;
3) Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси
тарабынан жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу боюнча иштерди уюшту- рат;
4) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволор-
го, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрация- ларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенцияларына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
5) мыйзам чыгаруу процессинде Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениеле-
ринин иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду, референдумдарды жана башка саясий иш-чараларды өткөрүүнү координациялоону камсыз кылат;
6) Өкмөттүн заседаниелеринин материалдарын даярдоо жана уюштуруу маселелерин
контролдойт;
7) Өкмөттүн жетекчилигинин чечимин талап кылуучу тапшырмалардын Өкмөттүн Аппа-
ратында даярдалган долбоорлорун жана башка материалдарды Өкмөттүн жетекчилигине өз убагында берүүнү камсыз кылат;
8) Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйругуна ылайык башка мил-
деттерди аткарат. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы N 340 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өкмөттүн Аппаратынын атынан жазылган, эки же андан ашык түзүм-
дүк подразделениенин тейлөөчү чөйрөлөрүнө тиешелүү каттарга Өкмөттүн
Аппарат жетекчиси кол коет. Оперативдик, техникалык же уюштуруу-жол-жо-
бо мүнөзүндөгү документтерге анын орун басарлары, айрым учурларда тий-
иштүү башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн компетенциясындагы маселелер
боюнча башкармалыктардын начальниктери, бөлүм башчылар кол коюшат.
14. Өкмөттүн Аппаратынын башкармалыктары жана өз алдынча бөлүмдөрү
өз функцияларын ушул Жобого жана ушул подразделениелер тейлөөчү чөйрө-
дөгү маселелер боюнча башкармалыктар жана бөлүмдөр жөнүндө жоболорго
ылайык аткарышат.
Башкармалыктын жана өз алдынча бөлүмдүн ишин башкармалыктын на-
чальниги жана өз алдынча бөлүмдүн башчысы тике жетектейт.
15. Башкармалык жана өз алдынча бөлүм Өкмөттүн, Премьер-министрдин
жана вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жана
анын орун басарларынын иштерин өзү тейлеген чөйрөгө кирген маселелер
боюнча камсыздайт.
16. Башкармалык жана өз алдынча бөлүм белгиленген тейлөө чөйрөсү-
нүн чегинде:
а) өзүнүн компетенциясындагы маселелер боюнча министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу
бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин тес-
кейт, башкармалыктын же бөлүмдүн жыйындарында жана кењешмелеринде алар-
дын жетекчилеринин Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министр-
лердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын
аткарылышы жөнүндө маалыматтарын угат;
б) Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын жана Өкмөттүн чечими та-
лап кылынган башка актылардын Өкмөткө киргизилген долбоорлоруна экспер-
тиза жүргүзөт, ал документтер боюнча сунуштарды даярдайт;
в) маселелерди комплекстүү жана терењ иштеп чыгуу максатында өз
ишин Өкмөттүн Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз байла-
нышта жүргүзөт. Башкармалыктардын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн кызмат-
керлери маселелерди, маалымкаттарды жана башка материалдарды даярдоодо
зарыл учурларда, эгер ал материалдарда бөлөк башкармалыктардын жана бө-
лүмдөрдүн тейлеген тармактарына тиешеси бар маселелер болсо Өкмөттүн
Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен кењешүүгө
тийиш;
г) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын жана жергилик-
түү мамлекеттик администрациялардын экономиканын тийиштүү тармактарын
жөнгө салуу жана социалдык чөйрөнү жетектөө боюнча иштерин изилдейт жа-
на жалпылайт. Зарыл болсо жетекчилеринин маалыматтарын угат;
д) экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактарын андан
ары өнүктүрүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-
циялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,
аткаруучу бийликтин башка органдарынын иш стилдерин, методдорун жакшыр-
туу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
е) Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин, вице-премьер-министр-
лердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин же анын орун басарларынын тапшыр-
маларынын аткарылышын такай мониторингдейт жана баалайт, аларды өз уба-
гында жана толук аткаруу үчүн сунуштарды ыкчам даярдайт;
ж) министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруучу бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар Өкмөттүн иш пландарында белгиленген токтомдордун, буй-
руктардын, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун өз уба-
гында берүүлөрүн контролдойт, ал пландарга киргизилүүгө тийиш болгон
маселелердин тизмесин Өкмөттүн Аппарат жетекчисине берет;
з) Өкмөттүн Регламентинин жана Өкмөттүн Аппаратында Документтер
менен иштөөнүн регламентинин, башкармалыктын, бөлүмдүн иш пландарынын
негизинде өз функцияларын аткарат.
17. Башкармалыктар жана өз алдынча бөлүмдөр Өкмөттүн Аппарат же-
текчисине жана анын орун басарларына алар тейлеген чөйрөгө кирген масе-
лелер боюнча иштин абалы, аткарылган жана аткарууда турган тапшырмалар
жөнүндө маалымат беришет.
18. Өкмөттүн Аппаратынын башкармалыгынын начальниги, өз алдынча
бөлүмүнүн башчысы:
а) тийиштүү түзүмдүк подразделениенин ишин жетектейт, башкармалык-
ка, өз алдынча бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке
жоопкерчиликте болот, кызматкерлердин арасында милдеттерди бөлүштүрөт,
эмгектин уюштурулушун жана тийиштүү эмгек тартибин камсыздайт, подраз-
делениеде иш кагаздардын туура жүргүзүлүшү үчүн жооп берет;
б) подразделениенин компетенциясына кирген маселелер боюнча баш-
кармалыктын, бөлүмдүн кењешмелерин өткөрөт;
в) Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министр-
лерде жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында бол-
гон кењешмелерге катышат;
г) Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, ошондой эле Өк-
мөттүн Аппарат жетекчисине же анын орун басарларына башкармалык же бө-
лүм тейлеген тармакка кирген маселелер боюнча материалдарды берет;
д) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарынан, мамлекеттик ишканалардан жана уюмдардан Өкмөттө жана Өкмөттүн
Аппаратында каралчу маселелер боюнча иштөө үчүн керектүү материалдарды
жана маалыматтарды сурайт;
е) төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ве-
домстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына иштеги оперативдик,
техникалык же уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү
берүүгө;
- башкармалыктын же бөлүмдүн жыйындарында жана кењешмелеринде ми-
нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-
лордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же-
текчилеринен алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн,
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин
чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматтарын
угууга;
- зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерин жана башка
кызматкерлерин иш процессинде болгон маселелерди чечүү үчүн чакырууга;
ж) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын коллегия мүчөлө-
рү менен маектерди жүргүзөт, Премьер-министрге, вице-премьер-министр-
лерге, Өкмөттүн Аппарат жетекчисине жана анын орун басарларына Өкмөт
жана Премьер-министр тарабынан дайындалчу кызмат орундардын номенклату-
расына кирүүчү кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды да-
ярдайт жана киргизет;
з) жарандардын жана юридикалык жактардын Өкмөткө жана Өкмөттүн Ап-
паратына даректелген каттарын, арыздарын жана кайрылууларын карайт,
аларды тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администра-
циялык ведомстволорго, Өкмөткө баш ийген башка мамлекеттик органдарга
кароо жана чара көрүү үчүн жиберет; жетектеген түзүмдүк подразделение-
нин тейлөө чөйрөсүнө кирген жана Өкмөттүн чечим кабыл алышы талап кы-
лынбаган маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын катта-
рына, арыздарына жана кайрылууларына жооп берет;
и) зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын
жана уюмдардын кызматкерлерин алардын жетекчилерине макулдашуу боюнча
Өкмөттө, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде, Өкмөттүн Аппарат
жетекчисинде же анын орун басарларында каралчу маселелерди даярдоого
катышуу үчүн ишке тартат, башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн компетен-
циясына кирген маселелер боюнча алардын маалыматтарын угат;
к) башкармалык (бөлүм) тейлеген чөйрөгө кирген маселелер боюнча
даярдалган материалдарга кол жана виза коет;
л) Өкмөттүн Аппарат жетекчисине башкармалыктарда жана бөлүмдөрдө
кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, квалификациясын жогорулатуу, башкар-
малыктын, бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо жана аларга тартиптик жаза ча-
раларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
м) башкармалыктын, бөлүмдүн кызматкерлерин кызматтык жайлар, бай-
ланыш каражаттары, компьютердик техника, оргтехника жана башкалар менен
камсыздоо жөнүндө сунуштарды киргизет.
Иш кагаздарын жүргүзүүчү түзүмдүк подразделениенин начальниги,
ошондой эле башка түзүмдүк подразделениелердин жетекчилери Өкмөттүн
Регламентинде, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регла-
ментинде белгиленген талаптарды бузуу менен киргизилген документтерди
министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомство-
лорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик
администрацияларга, уюмдарга жана мекемелерге кайра жиберүүгө укуктуу.
19. Башкармалыктын начальнигинин, өз алдынча бөлүмдүн башчысынын
орун басары өз милдеттерин башкармалык же бөлүм жөнүндө жободо аныктал-
ган функцияларга жана ыйгарым укуктарга ылайык аткарат.
Башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы убактылуу жок болгон
учурда анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.
20. Өкмөттүн Аппаратынын башкармалыктарында жана өз алдынча бөлүм-
дөрүндө Өкмөттүн кароосуна киргизилген маселелер боюнча даярдалган че-
чимдердин, тапшырмалардын долбоорлорун, материалдарды түзүмдүк подраз-
делениенин кызматкерлери Өкмөттүн Жетекчилигине, Өкмөттүн Аппарат же-
текчисине же анын орун басарларына жана башкармалыктын начальнигинин же
бөлүмдүн башчысынын өзүнө баяндашат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"Постановление · 21.05.2007 · № 185 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.