Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 330 «Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2003-жылдын 15-октябры ПЖ № 330 Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 109 жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жакырчылыкты жоюуга, жакырчылыкты жоюунун Улуттук стратегиясынын чегинде жеке ишкерликти өнүктүрүүгө жана колдоого, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоого жана "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнү децентралдаштыруу" Улуттук стратегиясына ылайык жергиликтүү жамааттарды жана жамааттык уюмдарды күчөтүүгө инвестицияны тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тереңдетүү, ошондой эле Эларалык өнүктүрүү ассоциациясы менен макулдашуунун негизинде иштелип чыккан айылдык инвестициялар Долбоорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун 10-пунктчасын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмесинин жана "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмесинин ниеттерин эске алуу монен Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (мындан ары - Агентство) түзүлсүн.
2. Агентствонун чогуу уюштуруучулары катары: Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарын бирикмеси, "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмеси аныкталсын.
(КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 109 жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Агентствонун тиркелген Уставы бекитилсин, ага кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор Агентствонун Уставында жана Кыргыэ Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
4. Агентствонун аткаруучу директору болуп Ибраимова Эльмира Султановна дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Агентствонун курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу айылдык инвестициялар Долбоорун даярдоо бөлүмүн, анын ичинде анын материалдык-техникалык каражаттарын жана кызматчыларын өткөрүп берсин;
- Агентствого аны мамлекеттик каттоодо мыйзамда белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн;
- бир айдын ичинде өзүнчө имарат түрүндө ага кызматтык жай өткөрүп берүү маселесин чечсин;
- бир жуманын ичинде өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Агентство Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу айылдык инвестициялар Долбоорун даярдоо бөлүмүнүн укук мурастоочу болуп санала тургандыгы белгиленсин. Агентство тийиштүү гранттардын, бөлүнгөн финансылык каражаттардын, ошондой эле карызга алынган, кредиттик каражаттардын жана эларалык уюмдардын гранттарынын, донордук агентстволордун жана башка финансы ресурстарын берген институттардын негизинде жергиликтүү жамааттарды жана жаматтык уюмдарды финансылык жана башкача колдоо максатында уюштурулган өзалдынча коммерциялык эмес юридикалык жак түрүндө түзүлөт.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 26 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (26)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23 - июлундагы № 274-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору ("CASA-1000"…Распоряжение · 23.07.2019 · № 274-р
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 477 "А.Ж.Бешимов жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 06.07.2022 · № 477
- КР Премьер-министринин 2012-жылдын 12-июнундагы № 497 (Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрлык өзгөртүүлөр тууралуу) буйругуРаспоряжение · 12.06.2012 · № 497
- КР Президентинин 2018-жылдын 30-майындагы ПБ № 119 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз…Распоряжение · 30.05.2018 · № ПБ № 119
- КР Президентинин 2012-жылдын 4-июлундагы ПБ № 105 (Илмиянове И.С.,Азыранкулова А.Д. жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.07.2012 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 209-б (Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында жылуулук менен жабдуунун сапатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.06.2020 · № 209-р
- Соглашение о финансировании (Второй Проект сельских инвестиций) между КР и Международной ассоциацией развития (Одобрено распоряжением Правительства КР от 6 сентября 2006 года…Соглашение · 06.09.2006 · № 492
- КР Президентинин 2015-жылдын 22-январындагы ПБ № 10 (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун курамы жөнүндө)Распоряжение · 22.01.2015 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 564-б ( Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Жылуулук менен…Распоряжение · 12.12.2017 · № 564-р
- "Кыргыз Республикасынын коопчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу" мекемесинин УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 Жарлыгы…Устав · 15.10.2003
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 725-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоорун кошумча…Распоряжение · 25.12.2009 · № 725-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 497-б("Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу"долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору…Распоряжение · 12.11.2014 · № 497
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 142-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө…Распоряжение · 06.04.2016 · № 142-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 512-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана…Распоряжение · 02.11.2017 · № 512-р
- Сары-Ой айылдык кеңешинин 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 4/5 "Жылан-Арык айылындагы маалыматтык ресурстук борборунун инвентарларын Калыгул Жусупов атындагы Жылан-Арык" токтомуПостановление · 05.04.2013 · № 4/5
- КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ №66 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана…Указ · 27.12.2011 · № 66
- КР Президентинин 2012-жылдын 4-июлундагы ПБ № 105 (Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын) буйругуРаспоряжение · 04.08.2012 · № 105
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 615-б (Кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.10.2018 · № 615 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 7-декабрындагы № 648 (А.О. Алманбетов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 07.12.2021 · № 648 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 22-февралындагы № 108 (А.Д. Джунушалиев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.02.2021 · № 108 · Күчүн жоготкон
26 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Улуттук стратегия Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (Кыргыз Республикасынын…Стратегия · 17.02.2002 · № 381
- КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ №65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын…Указ · 27.12.2011 · № 65
- Национальная Стратегия сокращения бедности на 2003-2005 годы. Комплексная основа развития Кыргызской Республики до 2010 года (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской…Стратегия · 08.05.2003 · № 269 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы №381 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз…Указ · 17.12.2002 · № 381 · Күчүн жоготкон