Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 145 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 1-декабры № 688, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим (мындан ары - Типтүү келишим) бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга суроо-талап келип түшкөн жана алардын аткарылышы реалдуу болгон учурда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды (мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар боюнча берүү зарыл болгондордон тышкары) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү келишимдин негизинде иштелип чыккан келишимге ылайык беришсин;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен байланышкан чыгымдарды эсептешсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансы, ошондой эле башка ресурстарын берүүнүн тартибин жана каржылоо булактарын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте алты айлык мөөнөттө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен байланышкан чыгымдардын эсептөөлөрүнө талдоо жүргүзсүн жана берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмдөрүн эсептөө методикасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте жыл сайын караштырсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү финансы каражаттарын кабыл алышсын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша түзүмүндө өзүнчө берене менен эсепке алышсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-сентябрындагы № 563 "Айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 20-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Келишимдин тараптары
1.1. Бир тарабынан мындан ары "мамлекеттик орган" деп аталуучу
________________________________________________________________________________
(мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген органдын толук аталышы)
атынан, "_______________________________________________________" жобонун негизинде иштеген _________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жана экинчи тарабынан мындан ары "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы" деп аталуучу _____________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын толук аталышы)
атынан, "________________________________________________" жобонун негизинде иштеген
________________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин предмети
2.1._____________________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
________________________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) ______________________________________________________________________________
2) ______________________________________________________________________________
3) ______________________________________________________________________________
2.2. _____________________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кабыл алат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. _________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын отчетторунун формаларын бекитүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды өндүрүп алууга;
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
3.2. ___________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.
4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
4.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда __________________________
____________________________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- мамлекеттик органдан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
4.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда _________________________
___________________________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- ай сайын (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө мамлекеттик органга отчет берүүгө;
- квартал сайын (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчет берүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн, пайдаланылбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарууга.
5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамын аныктоо
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өзү иштеп чыккан жана бекиткен квалификациялык талаптардын негизинде контракттык негизде (эмгек келишиминин негизинде) кызматкерди жалдайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жооптуу кылып дайындайт.
5.2. Эмгек келишими боюнча жалданган, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жооптуу кызматкердин милдеттери эмгек келишиминде аныкталат.
5.3. Эмгек келишими боюнча жалданган кызматкер келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан жумуштан бошотулушу мүмкүн.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
6.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адисине эмгек акы төлөөнү;
- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары, байланыш кызматтары;
- коммуналдык чыгымдарды (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.);
- канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды;
- адистин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга чыгымдарды;
- жабдууларга жана башка зарыл болгон товарларга чыгымдарды.
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.
6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6.9. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
- ай сайын 10унан кечиктирбестен (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;
- квартал сайын 10унан кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.
8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары - контролдоо) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.
8.3. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:
- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү __________________ түзөт. Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылат.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган;
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жок болгон;
___________________________________________ боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынган;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);
- келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).
11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
11.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;
- эгерде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик орган тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик органга билдирет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
1. ____________________________________
1. ___________________________________
2. ____________________________________
2. ___________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 80 · байланышкандар: 38
Цитата келтиргендер (80)
- Гүлчө айылдык кеңешинин 2016-жылыдын 26-июлундагы № 31/1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 26.06.2016 · № 31/1
- Казан–Куйган айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 1 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 26.07.2016 · № 1
- Сары-Ой айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү…Постановление · 01.08.2016 · № 4
- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-июлундагы № 27/4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген статистикалык маалыматтарды…Постановление · 27.07.2016 · № 27/4
- Бекмолдо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 216 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 29.07.2016 · № 216
- Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-июлундагы № 218 “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 27.07.2016 · № 218
- Айдаралиев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26 - сентябрындагы № 34 “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 25.09.2017 · № 34
- Өмүралиев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-июлундагы №136 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергеиликт өз алдынча башкаруу органдары айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 12.07.2016 · № 136
- Айдаралиев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-мартындагы №14 “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 05.03.2018 · № 14
- Көк-Ой айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-июлундагы № 3 «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айырым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 19.07.2016 · № 3
- Осмонкулов айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 12 "Типтуу келишим боюнча" токтомуПостановление · 28.07.2016 · № 12
- Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы № IV/III "Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин…Постановление · 02.08.2016 · № IV/III
- К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 25/1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өзалдынча…Постановление · 28.07.2016 · № 25/1
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 6 "Жалал-Абад шаардык мэриясы менен Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы…Постановление · 20.02.2018 · № 6
- Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 1 "Жерге-Тал айыл окмотунун жетектоочу адис статист кызмат ордунун штаттык бирдигин жана келишимин бекитуу…Постановление · 26.07.2016 · № 1
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 25-2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын жана калкты…Постановление · 25.07.2016 · № 25-2
- Нуржанов айылдык кеңештин 2016-жылдын 27-июлундагы № 9 “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым укуктарды берүү жөнүндөгү…Постановление · 27.07.2016 · № 9
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 31-январындагы № 17-1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 31.01.2019 · № 17-1
- Т.Кулатов айылдык кенешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 17-2 "Мамлекеттик салык кызматынын айрым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү…Постановление · 25.12.2018 · № 17-2
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 5 "Фрунзе айыл өкмөтүнөСтатистикалык маалыматты жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2019 · № 5
80 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (11)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 127
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 3 августа 2002 года № 523 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 03.08.2002 · № 523
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2001 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 13.11.2024 · № 679
- Постановление Правительства КР от 8 мая 2001 года №217 "О мерах по улучшению организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в Кыргызской Республике"Постановление · 08.05.2001 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 сентября 2000 года №563 "О делегировании отдельных государственных полномочий органам местного самоуправления"Постановление · 12.09.2000 · № 563 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 1-декабрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2014 · № 688 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (38)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жан-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №15 "Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын…Постановление · 22.11.2019 · № 15
- Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/7 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 17.07.2016 · № 16/7
- Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал районунун мамлекеттик статистика бөлүмү менен түзүлүүчү…Постановление · 28.07.2016 · № 9
- Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 25-августундагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жумгал районунун ЖААК бөлүмү менен түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 25.08.2016 · № 11
- Жумгал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-августундагы № 10 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.08.2016 · № 10
- Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-октябрындагы №46/2 "Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.10.2019 · № 46/2
- Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 1 "Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2019 · № 1
- Жумгал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-майындагы №3 "Жумгал районунун Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмүтүнүн салык инспекторунун ыйгарым укуктарын ѳкүлдөрүнүн келишимин бекитүү…Постановление · 03.05.2018 · № 3
- Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/6 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү…Постановление · 17.07.2016 · № 16/6
- Сакалды айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-августундагы № 2 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомуПостановление · 04.08.2016 · № 2
- Достук айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-майындагы № 44 "Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтγнγн жетектɵɵчγ адис статист-экономист кызмат ордун штаттык бирдигин жана сметасын бекитγγ…Постановление · 25.05.2015 · № 44
- Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2016 · № 29/4
- Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 30/2 "Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин…Постановление · 29.07.2016 · № 30/2
- Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/9 "Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин жана…Постановление · 01.08.2016 · № 5/9
- Достук айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 71 "Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтγнγн жетектɵɵчγ адис статист- кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитγγ жɵнγндɵ"…Постановление · 26.07.2016 · № 71
- Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2016 · № 33
- Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 24/125 "Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу…Постановление · 04.08.2016 · № 24/125
- Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 24/126 "Кыргыз Республикасынын граждандык абалды автоматташтырылган каттоо маалыматтык системасынын Кыргыз…Постановление · 04.08.2016 · № 24/126
- Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 23/1 "Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 22.08.2016 · № 23/1
- Нарын шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 2 “Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир…Постановление · 17.08.2016 · № 2
38 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.