Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Куйручук айылдык Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жумгал районунун ЖААК бөлүмү менен түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндө» токтому
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 25-августу № 11 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жумгал районунун ЖААК бөлүмү менен түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” №145 токтомунун негизинде депутаттардын Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 1 жана 3,4,5 пункттарын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы менен Жумгал райондук ЖААК бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Куйручук айыл аймагынын Жумгал райондук ЖААК бөлүмүнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү, жарандарга актыларды берип кызмат кылган адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке берүү жагы суралсын.
3. Куйручук айыл өкмөт башчысына, келишимде көрсөтүлгөн Жумгал ЖААК бөлүмүнө (туулгандыгы тууралуу күбөлүк,никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү) жарандарга берүүдө туура эмес маалыматтарды кетирсе, мыйзамдын чегинен тышкары иштерди жүргүзсө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жоопко тартылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү жерлерге маалымат берүү жагы Куйручук айыл өкмөт башчысы Т.Асановго милдеттендирилсин.
Төрага
К. Чокоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 145
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 127
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон