Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүү жөнүдө»токтому
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ 2016-жылдын 28-июлу № 25/1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө 2016-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн кеңешменин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145, 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Алай райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө статистика маселеси максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын Мамлекекттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык статистика маселесин аткарып жаткан адиске башкы адистик маянасы төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешининин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
Ч. Канкиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 145
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү…Постановление · 19.12.2014 · № 715