Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кѳк-Жар айылдык кеңешинин «Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кѳк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XVI сессиясы
2016-жылдын 17-июлу № 16/6 Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүндө адис статистик кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Көк-Жар Айыл өкмөтүндөгү адис статистик кызмат орду, келишими бекитилсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүндө адис статистик кызмат ордунун келишимин, штат бирдигинин акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Кененбаевага милдеттендирилсин.
Төрага
А. Кадыракунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 145
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү…Постановление · 19.12.2014 · № 715