Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын граждандык абалды автоматташтырылган каттоо маалыматтык системасынын Кыргыз Республикасынын бирдиктүү рээстрине киргизүү тууралу Кош-Дөбө айыл аймагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн келишимди бекитүү жөнүндө» токтому
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-августу № 24/126 Кыргыз Республикасынын граждандык абалды автоматташтырылган каттоо маалыматтык системасынын Кыргыз Республикасынын бирдиктүү рээстрине киргизүү тууралу Кош-Дөбө айыл аймагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» № 45 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 45 жана 19 декабрь 2014-жылдагы № 175 жана 11-март 2014-жылдагы № 124 токтому Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде типтүү келишими бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат оордун келишим штаб бирдигин акча каражатын мөөнөтүнөн кечиктирилбей жана ар кандай материалдык командировкалык чыгымдарды өз убагында төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын каттоо департаментинен суралсын.
Төрага
А. Байташов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 145
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 127