Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын шаардык кеңешинин “Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штаттык бирдикти ачуу боюнча келишимин бекитип берүү жөнүндө” токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫ
2016-жылдын 17-августу № 2 “Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штаттык бирдикти ачуу боюнча келишимин бекитип берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 Токтомуна ылайык 2016-жылдын 12-июулундагы Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министри М.Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн отурумда талкууланып, протоколдук тапшырма берилген. Тапшырманынын негизинде Улуттук статистика комитети, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Агенттигине жиберүү тапшырылган. Бул иш аракеттер аткарылгандан кийин жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга багытталган акча каражаттары которуп берүү каралган. Мыйзамда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин, келишим жергиликтүү Кеңештер тарабынан бекитилүүгө тийиштиги көрсөтүлгөн. Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штаттык бирдикти ачуу боюнча келишимди бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине 28.07.2016-жылы №03\1268 чыгыш каты менен кайрылышкан. Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штаттык бирдикти ачуу боюнча келишимди бекитип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун, шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси Н.Кыдыралиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 Токтомуна ылайык Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штаттык бирдикти ачуу боюнча келишими бекитилсин.(келишим тиркелет) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 Токтомуна ылайык, Нарын шаардык мэриясы менен Нарын шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди аткарууга багытталган штаттык бирдикти каржылоого жыл сайын республикалык бюджеттен акча каражатын каржылатууну колго алуу мэрияга жана шаардык статистика бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага
Э.Турсуналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 145
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 127