Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-02-02.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-январы № 21 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398, 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 12-ноябры № 642, 2014-жылдын 1-декабры № 688, 2014-жылдын 26-декабры № 730, 2014-жылдын 26-декабры № 733, 2014-жылдын 26-декабры № 737, 2015-жылдын 14-январы № 7, 2015-жылдын 15-январы № 10, 2015-жылдын 2-февралы №37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ченем чыгаруу ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2014-жылга план) бекитилсин.
2. 2014-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар - министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому күчүнө кирген күндөн тартып:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизаларынын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү өткөрүү жөнүндө талаптарды эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2014-жылга планда каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишин пландоонун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын алар бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 2014-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2014-жылга пландын аткарылышын контролдоону ишке ашырсын;
- квартал сайын 2014-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдерү менен жолугушууларды өткөрсүн;
- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2014-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
4. 2014-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июнундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтому менен бекитилген
2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398, 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 12-ноябры № 642, 2014-жылдын 1-декабры № 688, 2014-жылдын 26-декабры № 730, 2014-жылдын 26-декабры № 733, 2014-жылдын 26-декабры № 737, 2015-жылдын 14-январы № 7, 2015-жылдын 15-январы № 10, 2015-жылдын 2-февралы №37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Мыйзам долбоорлорунун аталышы
Жооптуу аткаруучулар
Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү
Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуунун мөөнөтү
Эскертүү
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө
1
Стратегиялык пландоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө
ЭМ
II квартал
III квартал
Өлкөнүн стратегиялык өнүгүү курсунун чегинде тапшырмаларды комплекстүү чечүү зарылчылыгы жана кыска мөөнөткө, орто мөөнөткө, узак мөөнөткө коюлган максаттарга жетүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү приоритетин мүнөздөй турган максатын, баалуулук тутумун жана принциптерин эске алган стратегиялык документтерди системалаштыруу максатында
Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө
2
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябры № 642 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3
Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө
ФМ
III квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
4
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ФМ
III квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
5
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Соцфонд
IV квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин тактоо максатында
6
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө
Соцфонд
IV квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык
Социалдык коргоо жана эмгек мамилелери чөйрөсүндө
7
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө:
- "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
СӨМ
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарына белгиленген социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүүгө багытталган мамлекеттик каражаттарды колдонууну оптималдаштыруу максатында
Диний мамилелер чөйрөсүндө
8
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январы № 7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө
9
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө
12
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ССМ
I квартал
II квартал
Калктын санитардык-экологиялык саламаттыгын камсыздай турган иш-аракеттерди жана жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын пайда болушун жана жайылтылышын жок кылуу, сырткы чөйрөдөн адам баласына зыяндуу таасир эте турган факторлорду жоюу жана азайтуу боюнча комплекстүү чараларды аныктоо максатында
Ишкердик жүргүзүү чөйрөсүндө
13
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ЭМ
2013- жылдын IV кварталы
I квартал
Банкроттук жол-жоболорду жакшыртуу, атайын администраторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу максатында
14
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине
ЭМ
I квартал
II квартал
Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу аркылуу кызмат көрсөтүү боюнча ишкердик жүргүзүү менен алектенген жеке жактарды патент төлөө маселеси боюнча контролдоого катышуу жана аларды текшерүү укугун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги жол-күзөт кызмат органдарына берүү жолу аркылуу жүк ташуучулардан жана жүргүнчүлөрдөн патенттик негизде салыкты жыйноону жакшыртуу максатында
15
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жөнүндө
ЭМ
II квартал
III квартал
Ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу маселелерин жөнгө салуу, жетекчини дайындоонун жана бошотуунун, алардын жоопкерчилигинин бирдиктүү тартибин белгилөө максатында
16
"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ЭМ
II квартал
III квартал
Жоопкерчилиги чектелген коомдордо экономикалык өсүш жана чет өлкөлүк инвестицияларды жана улуттук ишканаларды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү тартуу боюнча шарттарды түзүүчү директорлор кеңеши сыяктуу органды түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында
17
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ЭМ
III квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында
18
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ЭМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатураларын Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин номенклатураларына шайкеш келтирүү максатында
Айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө
19
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабры № 737 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Маданият чөйрөсүндө
21
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ММТМ
I квартал
II квартал
Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 28-февралында № 2818-V "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында
Энергетика жана өнөр жай чөйрөсүндө
22
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө:
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ЭӨМ
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 299-б буйругу менен бекитилген, 2013-2014-жылдарга энергетика секторун реформалоо боюнча иш-аракеттердин планынын 1-пунктун ишке ашыруу максатында
23
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабры № 730 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мыйзамдарды кодификациялоо
24
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Курулуш агенттиги
I квартал
II квартал
Жерлерди өзү билип басып алууга жана аныкталбаган адамдардын мыйзамсыз курууларынан келип чыккан маселелерди чечүү максатында
25
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
БИМ
IV квартал
IV квартал
Эмгек келишиминин минималдуу мөөнөтүн белгилөө максатында
27
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ФМ
II квартал
III квартал
Көмүскө цехтерде баалуу металлдардан зер буюмдарын даярдоого администрациялык жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле баалуу металлдар менен иштеген ишкерлердин Кыргыз Республикасынын аймагында соода иштерин жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында
28
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ФМ
II квартал
III квартал
Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун айрым механизмдерин тартипке келтирүү жана салык маалыматтарынын айкындыгын камсыздоо максатында
29
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ЭМ
II квартал
III квартал
Салыктык башкарууну жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана күчөтүү, ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
30
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ССМ
II квартал
III квартал
Коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын ишин оптималдаштыруу жана ишкердик субъекттеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында
31
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабры № 730 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ИИМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы үзгүлтүктөрдү четтетүү максатында 75-1-беренеге беренелердин тизмесин киргизүү бөлүгү, бул боюнча администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдор 556-1-беренесинде каралган ички иштер органдарынын ага ыйгарым укук берилген кызмат адамдары тарабынан түзүлөт
33
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ЭМ
III квартал
IV квартал
Жумушчулардын кызыкчылыктарынын жана жумуш берүүчүнүн жумушчуга өз убагында айлык акысын төлөп берүүнүн тең салмактуулугун сактоо максатында
34
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ЭМ
III квартал
IV квартал
Бир тараптуу тартипте "ачык асман" режимин киргизүүнүн негизги шарты - базарда либеризациялоо, эл аралык авиакомпаниялардын Кыргыз Республикасынын аэропортторуна жана жер үстүндөгү кызматтарына кирүүсү жана эркин жүрүүсү жана жарандык авиация секторуна жаңы базар субъекттерин тартуу үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында
Белгиленген мөөнөттөрдө мыйзам долбоорлорун жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн токтомдорун чыгарууда тийиштүү министрликтерден жана ведомстволордон башка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү да жооптуу аткаруучулар болуп саналышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 36 · цитата келтиргендер: 22 · байланышкандар: 20
Цитата келтиргендер (22)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 36 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №733 токтомуПостановление · 26.12.2014 · № 733
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2013 · № 426 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 «2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 16.07.2014 · № 398 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 14.01.2015 · № 7 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 02.02.2015 · № 37 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 12.11.2014 · № 642 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 26.12.2014 · № 730 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 737 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 26.12.2014 · № 737 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11- январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 26.12.2014 · № 733 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.07.2014 · № 420 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 1-декабрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2014 · № 688 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2015 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 11.11.2013 · № 598 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 12.06.2013 · № 344 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 31.12.2013 · № 726 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 5-августу № 452 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 05.08.2013 · № 452 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 16.08.2013 · № 462 · Күчүн жоготкон
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (36)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 299-б (2013-2014-жылдарга энергетика секторун реформалоо боюнча иш-аракеттердин планы бекитилүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.07.2013 · № 299-р
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227
- О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годыЗакон · 16.04.2014 · № 59
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 36 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон
36 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (20)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтому менен бекитилген)Регламент · 24.10.2012 · № 748
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2818-V "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 28.02.2013 · № 2818-V
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген)Регламент · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндоЗакон · 31.12.2008 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.06.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 21 января 2013 года УП №11 "О Национальной стратегии устойчивого развития Кыргызской Республики на период 2013-2017 годы"Указ · 21.01.2013 · № 11 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 376 "2009-2011-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн жана мамлекеттик фондго топтоо үчүн сорттук үрөн…Постановление · 26.06.2013 · № 376 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон