Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 30-декабры № 227 Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183, 2015-жылдын 8-июнундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 103325757,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 114794628,1 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 11468870,7 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин чектик өлчөмүнүн тартыштыгын жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 11468870,7 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык багытталсын.
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-2015-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
1) 2015-жылга кирешелер боюнча болжол - 100757151,0 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 5866667,7 миң сом суммасында гранттык каражаттарды кошкондо), 2016-жылга - 110750694,5 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 4925643,1 миң сом суммасында гранттык каражаттарды кошкондо);
2) 2015-жылга чыгашалар боюнча болжол - 118259613,8 миң сом, 2016-жылга - 125998005,7 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 17502462,8 миң сом суммасында, 2016-жылга - 15247311,2 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинин жактырылган болжолдуу параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2015-2016-жылдарга болжолу 3 жана 6-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар жана 2015-2016-жылдарга болжол 4, 4-1, 4-2, 4-3, 4-4, 5-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2014-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 4506979,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2013-жылга жана мурунку жылдарга тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө жумшалсын.
3. 481521,0 миң сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө жумшалсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 400000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
См. также: Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 11 апреля 2014 года №25-р
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183, 2015-жылдын 8-июнундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлөт.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2014-2016-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;
3) ушул Мыйзамдын тиркемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
2. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга карата тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
3. Министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар маанилүү иш-чараларды аткаруу үчүн аларды каржылоо булактары болгондо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашууга киргизүүгө укуктуу.
8-берене. 2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жалпы 185298,1 миң сом суммасында каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2015-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоонун суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене.
1. 2014-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, нефтини, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан жери) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммасынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынган администрациялык укук бузуулар үчүн айыптардын суммасын.
2. Салыктын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде алардын болжолдорун ашыра аткарууда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү бюджеттердин жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшкөн кирешелери башка деңгээлдердеги бюджеттерге алынууга жатпайт.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышын 9-тиркемеге ылайык: 2014-жылы - 71398,9 миң сом, 2015-жылы - 71229,3 миң сом, 2016-жылы - 54095,9 миң сом суммасында камсыз кылсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү кирешелерди теңдештирүү үчүн 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын жалпы 1299798,7 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2014-2016-жылдарга теңөөчү гранттарды каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттен каржылоо алгандан кийин, жергиликтүү бюджеттердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашаларды толук камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартышат.
5. Дотациялуу гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо жүргүзүлсүн.
13-берене. Минималдык эмгек акынын өлчөмү 2014-жылга - 900,0 сом, 2015-жылга - 970,0 сом, 2016-жылга - 1060,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттар өз убагында кайтарылбаган, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүп жиберилген учурда мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга жатат.
2. Бюджеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене. Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн алкактарда жол берилет.
16-берене. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылга бюджетте каралсын.
17-берене. Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
18-берене. Пилоттук министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун 2014-2016-жылдарга программалык бюджети 11-тиркемеге ылайык жактырылсын.
19-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 65 · байланышкандар: 17
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-апрели № 25-р "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген сунуштамасына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга…Сот практикасы · Решение · 11.04.2014 · № 25-р
Цитата келтиргендер (65)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-апрели № 25-р "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген сунуштамасына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга…Решение · 11.04.2014 · № 25-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 19-декабрындагы № 3713-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.12.2013 · № 3713-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 3689-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.12.2013 · № 3689-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2014 · № 89
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б (Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын "Сары-Колот" жаңы конушунун инфратүзүмүн долбоорлоо, куруу жана Ош…Распоряжение · 15.08.2014 · № 331-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б, 2012-жылдын 19-декабрындагы № 593-б, 2012-жылдын…Распоряжение · 16.12.2014 · № 573-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 689 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтомуПостановление · 01.12.2014 · № 689
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6- августундагы № 316-б (Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат…Распоряжение · 06.08.2014 · № 316-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 224 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын жылуулук тарамдарын…Постановление · 18.04.2014 · № 224
- Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук ПрограммасыПрограмма · 02.06.2014 · № 119
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 03-февралы № 68 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө” токтомуПостановление · 03.02.2014 · № 68
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти…Постановление · 17.06.2014 · № 340
- 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 4328-V "2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын даярдыгы боюнча Кыргыз…Постановление · 18.09.2014 · № 4328-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 147
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 16-декабрындагы № 107-VI "2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 16.12.2015 · № 107-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 16-декабрындагы № 107-VI "2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 16.12.2015 · № 107-VI
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 582 "Жалпы билим берүү уюмдарынын башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2014 · № 582
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 185-б (Калкынын биометрикалык жеке маалыматтарын каттоонун негизинде жарандарды эсепке алуу системасын түзүүгө байланышкан иштерди өз…Распоряжение · 26.05.2014 · № 185-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б (Ош шаарынын жана Ош облусунун Кең-Сай жана Ачы жаңы конуштарын долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аяктоо тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.08.2014 · № 330-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-мартындагы № 65-б (Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагындагы Барак эксклавынын тургундарына жана айылдык…Распоряжение · 07.03.2014 · № 65-р
65 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-апрели № 25-р "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген сунуштамасына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга…Решение · 11.04.2014 · № 25-р
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (17)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014 жылдын 12 мартындагы № 1 (Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2015-2016 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө) токтомуПостановление · 12.03.2014 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 72-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругуРаспоряжение · 14.03.2014 · № 72-р
- Кѳк-Жангак шаардык кеңешинин 2014-жылдын 21-февралындагы № 9/2 "Кѳк-Жангак шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетин бекитγγ жана 2015-2016жж. бюджетинин божомолу (прогноз) жѳнγндѳ"…Постановление · 21.02.2014 · № 9/2
- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-мартындагы №90 "Жаны-Жер айыл Өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.03.2015 · № 90
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Нарын шаардык Кенешинин 2014-жылы 3-апрелиндеги № 2 (Нарын шаарынын 2014-жылга жергиликтүү бюджети жана 2015-2016- жылдарга болжолу жөнүндө) токтомуПостановление · 03.04.2014 · № 2
- Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 26-февралындагы № X-3 (Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга шаардык мэриясынын…Постановление · 26.02.2014 · № X-3
- Бешик-Жон айылдык кеңешинин 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 2 "Бешик-Жон айыл аймагындагы мектептердин жана мекеме ишканалардын ремонт иштери, мектептердин жаны окуу жылына…Постановление · 04.09.2014 · № 2
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12 декабры № 3687-V "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.12.2013 · № 3687-V
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 128-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.12.2015 · № 128-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4546-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.12.2014 · № 4546-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4579-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.12.2014 · № 4579-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4578-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.12.2014 · № 4578-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5010-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.04.2015 · № 5010-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5071-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.05.2015 · № 5071-V
- КР Премьер-министинин 2014-жылдын 23-июнундагы № 282 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмегин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.06.2014 · № 282