Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 5 августа 2022 года № 87 "О драгоценных металлах и драгоценных камнях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-05.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1998-жылдын 14-майы № 61 Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө (КР 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 69, 2009-жылдын 27-мартындагы № 88, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2015-жылдын 28-майындагы № 121, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм.. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн негизги түшүнүктөрүн жана шарттарын, мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды контролдоону аныктайт. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алууга жана алгач кайра иштетүүгө байланыштуу операциялар Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Баалуу металлдарды валюталык баалуулуктар катары пайдаланууга байланыштуу операциялар Кыргыз Республикасынын валюталык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2-статья
2-статья. Ушул Мыйзамдын башка мыйзамдар жана ченемдик актылар менен өз ара аракеттениши
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. (КР 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья
3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий). Асыл таштар - сырьедогу жана (же) иштетилген түрдөгү табигый алмаздар, изумуруддар, рубиндер, сапфирлер, александридтер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет. Асыл таштарга кайталангыс янтардык заттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте теңештирилет. Баалуу металлдардын уютмасы - пайдалуу кен чыккан жерлердеги ошол эле баалуу металлдардын бөлүкчөлөрүнүн орточо өлчөмүнөн чондугу боюнча кыйла артыкчылык кылган баалуу металлдардын өзгөчөлөнгөн табигый ири бөлүгү. Баалуу металлдардын аффинажы - иргелип алынган баалуу металлдарды аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоо, баалуу металлдарды эл аралык стандарттардын же Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайык келгидей сапатка чейин жеткирүү процесси. Асыл таштарды экспертизалоо (идентификациялоо) - мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык жана дүйнөлүк рыноктогу бааларды эске алуу менен асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөсүн аныктоо. Баалуу металлдарды чыгаруу - кенден, концентраттардан жана башка өнөр жай продуктуларынан, металл сыныктарынан жана бул металлдарды камтыган калдыктардан баалуу металлдарды бөлүп алуу жана аларды аффинаждоо. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу - аларды өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий максаттар үчүн жана валюталык активдер катары колдонуу. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар-төмөндөгүлөр:
- баалуу металлдарга жана асыл таштарга менчик укугунун же башка укуктардын өтүшү менен;
- баалуу металлдардын жана асыл таштардын сактоочу жайга, фонддорго жана корлорго келип түшүшү, ошондой эле баалуу металлдар менен асыл таштардын сакталышы жана чыгарылышы (берилиши) менен;
- өндүрүүдө жана пайдаланууда ар кандай заттарда жана материалдарда баалуу металлдардын жана асыл таштардын болушунун же физикалык абалынын өзгөрүшү менен;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды республикадан алып кетүү менен байланыштуу аракеттер.
Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдарына өкүлчүлүк кылууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме. Атайын эсепке алуу - көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алуу болжолдонбогон баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзүү. Баалуу металлдардын, асыл таштардын мамлекетгик фондусу -мамлекеттин активине эсептелген жана мамлекеттик өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн арналган баалуу металлдар жана асыл таштар. Мамлекеттик баалуулуктар сакталуучу жай (Мамбаалуулуктар жайы) - мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сактоону, ошондой эле келишимдик негиздерде юридикалык жактарга таандык болгон баалуу металлдарды, асыл таштарды сактоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишкана. Текшерип көзөмөлдөөнүн мамлекеттик инспекциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. Баалуу металлдардын жана асыл таштардын казынасы - менчик ээси мыйзамдын күчү менен укугун жоготкон же ээси ким экендиги аныкталбаган жерге көмүлгөн же башкача ыкма менен жашырылган баалуу металлдар, асыл таштар. (КР 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм.. Баалуу металлдар жана асыл таштар менем операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу
4-статья
4-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар үчүн мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырат;
- зергердик жана баалуу металлдардан башка тиричилик буюмдарын сыноонун жана эн белги салуунун тартибин аныктайт.
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Мамлекеттик монополия баалуу металлдардын уютмаларына, баалуу металлдар менен асыл таштардын казыналары, археологиялык табылгалар менен байланыштуу операцияларга жайылтылат.
3. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча ыйгарым укук берилген банктардын иш аракети ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат.
(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-статья. Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик фондусу
1. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик фондусу мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайда болот.
2. Мамлекеттик фонд республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен сатылып алынган, ошондой эле конфискацияланган, мурастык укук боюнча мамлекетке өткөн ээсиз, казыналардын тутумунда болгон жана археологиялык казууларды жүргүзүүдө табылган баалуу металлдардан, асыл таштардан, зергердик буюмдардан түзүлөт.
3. Мамлекеттик фондуга сатылып алынган баалуулуктарды баалоонун, кабыл алуунун, берүүнүн, эсептешүүнүн жана сатуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-статья. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарынын мамлекеттик корлору
1. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарынын мамлекеттик корлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органдын балансында турган мамлекетке таандык баалуу металлдардан турат жана аффинаждалган баалуу металлдарды жана наркы бааланган тыйындарды сатып алуу жолу менен түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын балансында туруп, эл аралык стандарттарга ылайык келген баалуу металлдар мамлекеттик корлордун бир бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан акча-кредит саясатынын максаттарына ылайык пайдаланылат.
7-статья. Аффинаждалган баалуу металлдарды сатуу
1. Аффинаждалган баалуу металлдарды сатуу өндүрүүчүлөр тарабынан алгачкы соодалашуу учурунда жүргүзүлөт, аларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасинин Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алгачкы соодалашуу учурунда аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылык менен сатып алуу укугуна, ошондой эле сатуучулар катары катышуу укугуна ээ.
3. Алгачкы соодалашуу учурунда сатылган баалуу металлдар андан ары экинчи рынокто эркин жүгүртүлүүгө ээ болот.
8-статья. Кайталанып пайдаланылган баалуу металлдарды колдонуу
Мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда чогулган баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган металл сыныктары жана алардын калдыктары милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш жана кайра иштетүү үчүн сатылышы же алар пайда болгон орду боюнча кайталанып колдонулушу мүмкүн.
9-статья
9-статья. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды алып келүү жана алып кетүү
Ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык мамлекеттик монополия жайылтылгандан башка учурларда, ар кандай түрдө баалуу металлдарды жана асыл таштарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана аймагынан алып кетүү бажылык контролдоо пункттарында милдеттүү түрдө декларациялоо менен Евразия экономикалык комиссиянын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III бөлүм.. Баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды контролдоо
10-статья
10-статья. Баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга мамлекеттик контролдоонун тутуму КР 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-статья
11-статья. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды текшерип көзөмөлдөө
Текшерип көзөмөлдөөнүн милдети баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын бардык пайдалануучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, баалуу металлдарды, асыл таштарды чыгаруу, кайра иштетүү, пайдалануу жана алардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча бекитилген стандарттарды сакташын камсыз кылуу болуп саналат. Текшерип көзөмөлдөө ички өндүрүштөгү, ошондой эле сатуу үчүн республикага алынып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын текшерүүнү, талдоону жана мамлекеттик текшерүү тамгасы менен белгилөөнү, oшондой эле текшерүү тамгаларынын сыпаттамаларын экспертизалоону, баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды техникалык экспертизалоону, асыл таштарды аныктоону жана экспертизалоону, баалуу металлдарга контролдук талдоону жүргүзүүнү жана арбитраждык сот тарабынан жүргүзүлгөн экспертизаны камтыйт. Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте текшерип көзөмөлдөө органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зергер буюмдары (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан терроризмди каржылоого каршы аракеттер жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды лицензиялоо (КР 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды лицензиялоо иш аракетинин түрлөрү боюнча тийиштүү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Иш аракеттин лицензияланган түpлөрүнүн тизмеси "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
13-статья. Эсепке алуу жана отчеттуулук
Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар мыйзамдарда белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүшөт.
IV бөлүм.. Баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү төлөмдөр
14-статья
14-статья. Текшерүү жыйымы Зергердик жана баалуу металлдардан башка буюмдарды текшерүү, талдоо жана мамлекеттик текшерүү тамгасы менен белгилөө үчүн текшерүү жыйымы Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат. (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларга салык салуунун тутуму
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдаланган жана алар менен операция жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салык салуунун тартиби жана шарттары жайылтылат.
V бөлүм.. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик жана талаш-тартыштарды чечүү
16-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
17-статья. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө талаш-тартыштарды чечүү
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен байланыштуу операциялар боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан чечилет.
18-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 41 · байланышкандар: 36
Цитата келтиргендер (41)
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 05.08.2022 · № 87
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 392-VII "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 392
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 366-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2022 · № 366-VII
- КР Улуттук Банкынын 2009-жылдын 26-августу N 35/3 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.08.2009 · № 35/3
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 187-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 14.04.2022 · № 187-VII
- Кымбат баалуу металлдардын чендик уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 834 токтому менен…Положение · 09.12.2002 · № 834
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 22.07.2014 · № 407
- Кымбат баалуу металлдардын чендик уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө ЖОБО( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 834 токтому менен…Положение · 09.12.2002 · № 834
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-июнундагы №296-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 08.06.2022 · № 296-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №191-VII "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи…Постановление · 14.04.2022 · № 191-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 301-VII "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 16.06.2022 · № 301-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 4860-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын октябрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2021 · № 4860-VI
- КР Жогоку Кеңешинин 2022-жылдын 26-январындагы № 23-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын февралына ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2022 · № 23-VII
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июлундагы № 403 "Зергердик тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 29.07.2020 · № 403
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 345 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам…Постановление · 29.05.2012 · № 345
- КР Улуттук Банкынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/4 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде…Постановление · 26.08.2009 · № 35/4
- "Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Проект · 29.12.2012 · № 868
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по таможенному оформлению и таможенному контролю товаров, перемещаемых через таможенную границу Кыргызской Республики физическими лицами и не предназначенных для…Инструкция · 19.01.2000 · № 16/п · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 12-июнундагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечикткрилгис чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.06.2009 · № 272 · Күчүн жоготкон
41 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 05.08.2022 · № 87
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 28.05.2015 · № 121 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О драгоценных металлах и драгоценных камняхЗакон · 09.04.2003 · № 69 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (36)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 210 (Сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге мыйзам актыларды шайкеш келтирүү боюнча 2019-жылга карата…Распоряжение · 22.04.2019 · № 210
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча САЯСАТ (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен…Политика · 15.07.2015 · № 38/4
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 341 "Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын…Постановление · 24.06.2022 · № 341
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 16.12.2022 · № 700
- "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009 жылдын 26-августундагы № 35\3 токтому менен…Положение · 26.08.2009 · № 35/3
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 "Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2019 · № 349
- "Правила работы пунктов скупки у населения драгоценных металлов, камней и изделий из них" (Приложение 3 к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 30 сентября 2014…Правила · 30.09.2014 · № 560
- Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО "КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 03.12.2021 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун аянтчасында баалуу металлдарды сатуу жөнүндө"…Постановление · 16.12.2022 · № 700
- Кыдыр-Аке айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы №77 "Кыдыр Аке айыл аймагындагы муниципалдык ишкана жана мекемелердин балансында турган негизги…Постановление · 10.09.2024 · № 77
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 479-б (Ош облусунун Ноокат шаарындагы "Бакыт Үйү" жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынын курулушу боюча) буйругуРаспоряжение · 23.09.2008 · № 479-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 4918-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык…Постановление · 19.03.2015 · № 4918-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2311-V Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" ("Автомобиль жолдору…Постановление · 27.09.2012 · № 2311-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2351-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Автомобиль жолдору…Постановление · 04.10.2012 · № 2351-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2352-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Автомобиль жолдору…Постановление · 04.10.2012 · № 2352-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5054-V "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 30.04.2015 · № 5054-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5080-V "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 06.05.2015 · № 5080-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5079-V "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 06.05.2015 · № 5079-V
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
36 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.