Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 декабря 2024 года № 776 "Об утверждении типового положения и типовых штатов спортивных учреждений Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-майы N 264 Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын реформалоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобо;
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин типтүү штаттары.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы N 518 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби жана олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! Ушул типтүү штаттарына КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кызмат орундарынын аталыштары
Штаттык бирдиктердин саны
Директор
1
Директордун орун басары
1
Методист
1; 2; 3
Башкы бухгалтер
1
Кассир
1
Чарба бөлүмүнүн башчысы
1
Врач
1
Массажчы
1
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча методист-адис
1
Эскертүү:
1. Эки жана андан кеп өз алдынча имараты бар мекемелерде чарба бөлүгүнүн башчысы кызматынын ордуна директордун чарба бөлүгү боюнча орун басарынын кызмат орду киргизилет.
2. Машыктыруучу-окутуучунун 10 ставкасы болсо, методисттин 1 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 20 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 2 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 3 ставкасы каралат.
3. Кызматкерлердин штаттык бирдиги 40тан ашык болгондо бухгалтердин кызмат орду киргизилет жана спорттук базанын болушу каралат.
4. Окуучулардын контингенти 400 адамдан ашкан учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттын чегинде медициналык айымдын штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.
5. Спорттук базалары болуп, алардын ортосундагы аралык 10 километрден ашык болгон учурда, спорттук базанын башчысынын кызмат орду каралат. Бул учурда спорттук базанын башчысынын кошумча штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.
6. Лаборанттын (химсуутазалагычтын) кызмат орду бассейн болгондо каралат.
7. Бөлмөлөрдү тазалоочу ар бир 500 чарчы метр тазалана турган аянтка 1 бирдик эсебинде киргизилет, эгерде тазалана турган аянт 500 чарчы метрден кем болсо, жайларды тазалагычтын 0,5 ставкасы каралат.
8. Кароолчунун кызмат орду өз алдынча имараты болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен имаратка 2,8 бирдик эсебинде каралат.
9. Айдоочунун кызмат орду транспорт каражаттары болгондо бир транспорттук каражатка бир айдоочунун эсебинде киргизилет.
10. Короо шыпыргычтын кызмат орду тазалануучу аймактын 1 гектар аянтына 1 бирдик эсебинде каралат.
11. Ветеринардык врачтын, кайышчынын, темир устанын кызмат орду ат спортунун түрлөрү жайылтылган бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөргө киргизилет.
12. Ат спортунун түрлөрү жайылтылган бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн ат баккычтын кызмат орду каралат: күндүзгү ат баккыч - аттын санына (5 атка - 1 бирдик); түнкү ат баккыч - атканалардын санына жараша (1 атканага - 3 бирдик) каралат.
13. Ок атуу, азыркы беш таймаш, кайык айдоо жана спорттун парустук түрлөрүнө адистешкен бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн курал-жарактарды жана спорттук кемелерди оңдоо боюнча механиктин кызмат орду каралат.
14. Сууда сүзүү бассейиндерин, спорттук курулмаларды, жатаканаларды тейлөө жана татаал жабдууларды оңдоо үчүн имараттарды комплекстүү тейлөө боюнча жумушчунун кызмат орду каралат.
15. Көмөкчү жумушчунун кызмат орду көмөкчү чарбанын 20 га жери болгон учурда каралат.
16. Катчынын (иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн) кызмат орду БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн окуучулардын саны 400 же андан көп болгондо каралат.
17. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөрдүн типтүү штаттарында эсепке алынбаган кошумча штаттык бирдиктер, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча киргизилиши мүмкүн.
18. Имараттары, спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн электрик, слесарь-сантехниктин кызмат орду белгиленет.
19. Тегиздиктеги спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн тегиздиктеги спорттук курулмаларды оңдогучтун кызмат орду белгиленет.
20. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук комплекстери болсо, вахтердун, гардеробщиктин кызмат орду белгиленет.
21. Буксирлөөчү асма аркан жолу болсо, буксирлөөчү асма аркан жол боюнча слесардын, механиктин, оператордун кызмат орду белгиленет.
22. Катуу отун жагылуучу, өздөрүнүн от казаны бар мектептерде жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдиктеги от жагуучу жумушчунун кызмат орду киргизилет; газ менен иштеген от казанга автоматика болсо, сменада бир штаттык бирдикте оператор-жумушчунун, автоматика болбосо - бир сменага эки штаттык бирдиктеги кызмат орду киргизилет.
Электр жылыткычтарын пайдалануучу от казандарда жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдик эсебинде оператор-жумушчунун кызмат орду киргизилет. Борборлоштурулган жылытуу менен жабдууда (туруктуу нөөмөттү талап кылган бойлерлик орнотмолор, жылуулук пункттары болсо) жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдик эсебинде нөөмөтчү жумушчунун кызмат орду киргизилет. От казанда иштеген жумушчулардын жалпы санынын ичинен бир штаттык бирдик толук бир жылга киргизилет. Меш менен жылытуучу мектептерде 10 мешке бир штаттык бирдик эсебинде от жагуучу, бирок мектепке 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес кызмат орду киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (14)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү…Постановление · 03.04.2019 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 20.12.2024 · № 776
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби (ДЮСШ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (СДЮШОР), республикалык олимпиялык резервдеги…Положение · 30.05.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Типовое положение о детско-юношеской спортивной школе и специализированной детско-юношеской школе и специализированной детско-юношеской школе олимпийского резерва Кыргызской…Положение · 15.08.2003 · № 518 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 августа 2003 года № 518 "Об утверждении Типового положения о детско-юношеской спортивной школе и специализированной детско-юношеской школе и…Постановление · 15.08.2003 · № 518 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 февралындагы № 81 токтомуПостановление · 25.02.2016 · № 81
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415-токтомуПостановление · 10.08.2020 · № 415
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр…Постановление · 14.11.2017 · № 740 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби…Постановление · 25.02.2016 · № 81 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби…Постановление · 01.02.2012 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук…Постановление · 27.09.2012 · № 657 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 июня 2014 года № 337 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Типового…Постановление · 17.06.2014 · № 337 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2020 · № 415 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 20.12.2024 · № 776
- Постановление Правительства КР от 15 августа 2003 года № 518 "Об утверждении Типового положения о детско-юношеской спортивной школе и специализированной детско-юношеской школе и…Постановление · 15.08.2003 · № 518 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр…Постановление · 14.11.2017 · № 740 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 820
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 347 ""Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 29.05.2012 · № 347 · Күчүн жоготкон