Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 „Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 декабря 2024 года № 776 "Об утверждении типового положения и типовых штатов спортивных учреждений Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №78 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Окуу-машыгуу процессинин сапатын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын спортсмендеринин эл аралык спорттук аренага чыгуу натыйжаларын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби (ДЮСШ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (РСДЮШОР), республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (СДЮШОР) жөнүндө типтүү жободо:
- аталышындагы "(ДЮСШ)", "(СДЮШОР)" жана "(РСДЮШОР)" деген аббревиатуралар алып салынсын;
- 33-пунктунда "хореографтардын" деген сөз алып салынсын;
- IX бөлүм төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын:
"33-1. Хореографтардын эмгек акыларын төлөө тийиштүү билими бар машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акыларын төлөгөндөй эле шартта жүргүзүлөт. Мында, хореографтын жогорку же атайын орто билими же болбосо "спорттун чебери" же "эл аралык класстагы спорттун чебери" деген спорттук наамы болушу керек.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 20.12.2024 · № 776
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби (ДЮСШ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (СДЮШОР), республикалык олимпиялык резервдеги…Положение · 30.05.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 20.12.2024 · № 776
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби…Постановление · 30.05.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон