Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-майы № 347 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий Өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө. Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- 25-берене төмөнкү мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларына төмөнкүдөй кошумча акы белгиленет: 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн кызматтык маянанын он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан аз эмес өлчөмдө".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамына толуктоо киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору дене тарбия жана спорт мекемелердин машыктыруучу-окутуучуларынын социалдык коргоосунун деңгээлин жогорулатуу, дене тарбия жана спорт тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын оптималдаштыруу максаттарында иштелип чыгарылды. Мыйзамдын долбоору дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөрүн белгилөөсүн карайт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык кошумча төлөмдөрдүн бул түрү машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акысына кошулуп келгенине байланыштуу, Мыйзамды кабыл алуу кошумча финансы чыгымдарын талап кылбоорун белгилей кетишибиз зарыл. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ДЮСШ жана СДЮШОР юридикалык жак болуп саналып, мектептен сырткары мекемелер статуска ээ болушкан жана билим берүү тутумуна киришкен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ДЮСШ, СДЮШОР, РСДЮШОР РСДЮШОР, СДЮШОР, ДЮСШ юридикалык жак болуп саналат жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ. Бирок, Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы машыктыруучу-окутуучулар педагог болуп саналышат жана педагогдук ишти уюштуруунун методдору менен формаларын эркин тандап алууга укуктуу, башкача айтканда билим берүү ишин жүргүзүшөт деп белгилейт. Жогоруда айтылгандардын негизинде, колдонуудагы мыйзамдардагы карама-каршылыктарын четтетүү максатында Мамагенттик педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөрүн белгилөөсүн караган мыйзамдын долбоорун макулдашууга киргизет. Аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдын долбоору белгиленген тартипте 2012-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылып коомдук талкууга коюлган, бирок сунуштар жана сын-пикирлер келген эмес. Мыйзамдын долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде экспертизадан өткөн. Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилген ченем укук актыларынын укук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендер экспертизалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин функцияларына кирет. Бул мыйзамдын долбооруна экологиялык экспертизасын жүргүзүү талап кылынбайт.
Директор
Б. Кенжебаев
"Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт" Мыйзамына толуктоо киргизүү
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна"
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 25-статья. Дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик педагогикалык ишмердик Дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик педагогикалык ишмердик жүргүзүүгө дене тарбия жана спорт окуу жайы тарабынан белгиленген тартипте берилген "Дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча кесиптик билим берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документи бар адамдарга жол берилет. "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" же "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар адамдар дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Педагогикалык машыктыруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратуу мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. | 25-статья. Дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик педагогикалык ишмердик Дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик педагогикалык ишмердик жүргүзүүгө дене тарбия жана спорт окуу жайы тарабынан белгиленген тартипте берилген "Дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча кесиптик билим берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документи бар адамдарга жол берилет. "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" же "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар адамдар дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Педагогикалык машыктыруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратуу мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларга төмөндөгүдөй кошумча акы белгиленет: 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн - кызматтык маянанын он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан аз эмес өлчөмүндө. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2309-V "Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.09.2012 · № 2309-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы №2614-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2614-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2615-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2615-V
Шилтеме берет (6)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 августа 2003 года № 518 "Об утверждении Типового положения о детско-юношеской спортивной школе и специализированной детско-юношеской школе и…Постановление · 15.08.2003 · № 518 · Күчүн жоготкон
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби (ДЮСШ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (СДЮШОР), республикалык олимпиялык резервдеги…Положение · 30.05.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби…Постановление · 30.05.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Типовое положение о детско-юношеской спортивной школе и специализированной детско-юношеской школе и специализированной детско-юношеской школе олимпийского резерва Кыргызской…Положение · 15.08.2003 · № 518 · Күчүн жоготкон