Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №.17 “Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы “Республикалык олимпиялык резервдеги окуу жайдын” деген сөздөр “Республикалык спорттук колледждин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- аталышындагы жана эскертүүнүн үчүнчү абзацындагы “Олимпиалык резервдеги республикалык окуу жайынын” деген сөздөр “Республикалык спорттук колледжинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы “олимпиялык резервдин окуу жайларында” деген сөздөр “спорттук колледждерде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
“Олимпиялык резервдин республикалык окуу жайына” деген сөздөр “Республикалык спорттук колледжге” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“окуу жайда” деген сөздөр “колледжде” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо:
14-пунктунда:
- биринчи абзацындагы “Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайына (мындан ары – РУОР)” деген сөздөр “Республикалык спорттук колледжге (мындан ары – РСК)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы “РУОР” деген аббревиатура “РСК” деген аббревиатура менен алмаштырылсын, “окуу жайда” деген сөздөр “колледжде” деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
К.А.Боронов
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби…Постановление · 30.05.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон