Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Суу айылдык кеӊешинин «Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын XII сессиясы
2019-жылдын 08-февралы №2/2 Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө
Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин.
2. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 2 (эки) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Тѳрага
К.Төрөкулов
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясынын №2/2 токтомуна №1 тиркеме.
2019-жылга Мал түрүнө башына жайыт акыны белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №368 токтому менен бекитилген жобо боюнча Ак-Суу жайыт комитети жайыт акынын өлчөмүн иштеп чыкты. 1-этап. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында пайдаланган жайыт аянты. 5027 га 2-этап. Жайыт жерин пайдалануудан түшө турган кирешенин суммасы 438870 сом 3-этап. Малдын санын «шарттуу башына» которуу
к/н
Малдын аталышы
саны (баш)
Которуу коэффицент
Ш. М. Б.
1
Жандык
21000
0,2
4200
2
Уй
1450
1,0
1450
3
Жаш музоо
436
0,7
305
4
Жылкы
800
1,0
800
5
Эшек
-
-
-
БАРДЫГЫ
6755
4-этап. Жайыт жерлерин пайдалануудан түшө турган кирешенин чыгашасын «шарттуу мал башына» бөлөбүз 438870:6755=65 сом «шарттуу мал башы» 65сом болду 5-этап. Малдын түрү боюнча жайыт пайдалануу төлөм өлчөмү.
к/н
Малдын аталышы
Которуу коэффициент
Бир башына жайыт акы
1
Жандык
0.2
13 сом
2
Уй
1.0
65 сом
3
Жаш музоо
0.7
45 сом
4
Жылкы
1
65 сом
6-этап. Малдын түрү боюнча жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн суммасы
к/н
Малдын аталышы
Саны(баш)
Жайыт акы (сом)
Жыйынтыгы(сом)
1
Жандык
21000
13 сом
273.000 сом
2
Уй
1450
65 сом
94.250 сом
3
Торпок
436
45 сом
19.620 сом
4
Жылкы
800
65 сом
52.000 сом
БАРДЫГЫ
х
х
438.870 сом
ЖПБнин төрагасы:
М.Чокоев
ЖПБнин бухгалтери:
Э.Жоробеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.