Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Самаркандек айылдык кеңешинин «Самаркандек айыл аймагындагы жайыт комитетинин жайыттарга чыгуучу малдар үчүн 2021-жылга түзүлгөн иш планын жана жайыт акысынын төлөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 20 Самаркандек айыл аймагындагы жайыт комитетинин жайыттарга чыгуучу малдар үчүн 2021-жылга түзүлгөн иш планын жана жайыт акысынын төлөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын негизинде 31 беренсине 4-пунктуна, “Жайыттар жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Самаркандек айыл аймагындагы жайттарды натыйжалуу пайдалануу максатындагы Самаркандек айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча (траспорт, курулуш, айыл чарба , өнөр жай ) туруктуу комиссиясынын отурумун протоколунун жана корутундусунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Самаркандек айыл аймагынын жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жайлоолордон түшүүчү жайыт акы эсептелген сметага ылайык бекитилсин (№1 тиркемеге ылайык )
2. Жайыттарга чыгарылган малдар үчүн төлөм акылары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-июнундагы №386-токтомуна ылайык эсептелип жүргүзүлсүн (№2 тиркемеге ылайык)
3. Бюджеттин чыгашаларын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнун жайыт комитети И.Абдурахмановго милдеттендирилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча (траспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М. Тулаев
Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясынын 2021-жылдын №21 токтомуна №1 тиркеме. Самаркандек айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жыл үчүн тузүлгөн СМЕТАСЫ
Киреше бөлүгү
Киреше булактары
Башка максатта
30000
Нур телеком
42000
Жайыт акы
181600
Жалпы тушкөн киреше
Жалпы сумма
253 600
Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек жайытына чыгуучу малдардын бир баш мал учүн жайыт акы бир айга толөө олчөмү 2021- жылга (мал эсеби болжолдуу)
К№
Малдын түрү
Саны
ШМБ саны
1 башка төлөнүүчү жайыт акы, бир ай үчүн сом
Кой , эчки
6712
1342
3
Козу -улак
2400
480
1,5
Жылкы
35
35
16
Кулун
11
7
8
Уй (топоз)
65
65
15
Торпоктор
36
29
7,5
Тутүн пулу
500
Баары
9259
1958
№
Чыгымдардын статьялары
саны
Баасы, сом
Жалпы суммасы, сом
1
Жайыт инфраструктурасын ондоого
22 000
2
А/о жайыт акысын 3/1 болугун которуу
60 533
Баары
82 533
Жайыт комитетинин административдик чыгымдары
7
Эмгек акысы
12ай
60000
8
Соцфондго чегерүүлөр
12ай
17,25%
12000
9
Жайыттарга мониторинг жасоо
4000
10
Транспорттук жана командр чыгымдар
14567
11
Концелярлык байланыш чыгымдары
2500
12
Ассоцация “Кыргыз жайыты ”
1000
13
Жайыт ассоцация
5000
Баары
99 067
Жыйынтыгы
181600
Жайытты башка максатта пайдалангандар учун ар бир сотых жерге 20 сомдон жайыт акы төлөнсүн.
Жайыт комитетинин төрагасы
Абдурахманов И
Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясынын 2021-жылдын №21 токтомуна №2 тиркеме.
Самаркандек айыл аймагынын жайыт жөнүндө айыл элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифи.
1. Ички жайытка мал көчүү 1-апрелинен 1-июнга чейин, алыскы жайытка көчүү 1-июнунан 20-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөнөттө белгиленсин. 1 башка төлөнүүчү жайыт акы, бир ай үчүн сом
Кой , эчки-3 Козу -улак-1,5 Жылкы-16 Кулун-8 Уй (топоз)-15 Торпоктор-7,5 Тутүн пулу -500 деп белгиленсин
2. 2021-жылдын 1-апелинен баштап дыйкандаврдын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Корук уюштурууга айыл өкмөт көмөк көрсөтсүн .
4. Самаркандек айыл аймагынын айылдарында 2021-жылдын 1-апрелинен баштап бадачы уюштурулсун .
5. Ички жайыттарга сарай ээлерине 1ат 1-2 чейин саан уй. 10кой эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин .
6. 2021- жылдын 1-апрелинен баштап дыйкандардын улуш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдү күчөтсүн.
7. Кышкы күзгү жайыттан корсотулгон убакыттан өз убагын чыкпаган жайытка түшкон малга турүнө карабастан акчалай ар бир башына 100(жүз)сом акчалай айып салынсын.
8. Айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөнотторүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пунктарынын жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17 беренесинин 185-186,193 статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин .
9. Ар бир мал жандыктар үчүн коюлган баалар бир жылдык баада толук төлөнсүн .
Кой, эчки-33 Козу -улак-15 Жылкы-180 Кулун-90 Уй (топоз)-120 Торпоктор-60 Тутүн пулу -500 деп белгиленсин
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон