Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2018-жылдын 7-июну № 22 Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак –аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 16.05.2018-жылдагы №3014/2363 чыгыш сандуу катында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу токтомун ишке ашыруу жана ошондой эле облустар, райондор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аралык узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт жерлерин башкаруудагы пайдалануудагы жаралган маселени чечүү көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарынын чек аралары белгиленип айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилгендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхозунда узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнь айына чейин) башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2020-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калары белгиленгендиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жагы сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага
Ж. Бегалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241