Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 10-январы ПЖ № 2 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүү биринчи кезекте бүтүндөй өлкөнүн аймагында жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу менен тыгыз байланышкан. Соңку жылдары Кыргызстанда региондордун дараметин арттыруу, айрыкча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү жаатында олуттуу чаралар көрүлдү. Автожолдор, электр тармактары, билим берүү мекемелери курулуп жана реконструкцияланып жатат. Региондордо колдонууга берилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн жаңы объекттеринин саны өсүүдө. Ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу милдети коюлду. Калктын маалымат алуусу, анын ичинде санариптик телекөрсөтүү жана интернет аркылуу да жакшыртылды. Санариптик технологиялардын жардамы менен жер-жерлерде мамлекеттик органдар тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен аймактык адистештирүү башталды. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган 2018-2022-жылдарда региондорду өнүктүрүү саясатынын концепциясы Кыргызстандын пилоттук шаарларынын базасында өсүүнүн 20 таяныч борборун түзүүгө багытталган. Айыл чарба өндүрүүчүлөр, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн каржылоо жакшыртылды жана жеңилдиктер сакталды. 2017-2026-жылдар мезгилине ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Ошол эле учурда бир катар факторлордон улам белгиленген программалар жетишерлик көлөмдө ишке ашкан жок. Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн чаралары азыркы убакта системалуу боло элек. Өнүктүрүү программаларынын көпчүлүгү сектордук мүнөздө, көп учурда жергиликтүү өзгөчөлүк эске алынбайт. Калктуу конуштардын жана башка аймактык бирдиктердин инфраструктурасын пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн заманбап стандарттары бекитилген эмес. Мамлекеттик бийликтин борбордук органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эриш-аркак байланыш системасы түзүлө элек. Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасап, бул жаатта бирдиктүү жалпы мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн олуттуу, анын ичинде мыйзамдык жаңы чечимдерди кабыл алуу зарыл. Бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керек. Аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын жаңылоо калктын жыштыгын, ар бир айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк берет. Региондордогу жаңылануулар элдин бакубат жашоого, анын ичинде сапаттуу билим алууга, тарбияга, чыгармачылыкка, искусствого жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү региондордун экономикасын чыңдоодо зор мааниге ээ. Инвестициялык кеңири мүмкүнчүлүктөр жаңы жумуш орундарын түзөт, ички жана тышкы миграция процесстерин азайтат. Мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасын региондук жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл. Эгемендиктин алгачкы жылдары калыптанган борбордогу жана жер-жерлердеги бийлик органдарынын өз ара мамилелеринин практикасын терең талдап, олуттуу түзөтүүлөрдү киргизүү керек. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын жана дараметин күчөтүү, мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо аймактык башкаруунун горизонталын бекемдейт, бюрократияны кыскартат, жергиликтүү жамааттын бийликке болгон ишенимин арттырат. 2018-жылы региондорду өнүктүрүүдө системалуу өзгөрүүлөр үчүн негиз салуу керек. Бул өкмөттүн эле эмес, бийликтин бардык бутактарынын, жеке сектордун, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн жана активдүү күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин ишке ашыруу, региондорду өнүктүрүүгө болгон мамилени системалуу өзгөртүү жана мамлекет менен коомдун күч-аракетин бириктирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2018-жыл Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялансын.
2018-жылы региондорду колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп-тамырынан өзгөртүүнүн негизин салуу, ар бир регион боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу, алардын базасында иш-чаралардын жылдык пландарын бекитүү жана турмушка ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын эң маанилүү милдети болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2018-жылдын 15-февралына чейин Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралардын тиешелүү планын бекитүү;
2) 2018-жылдын 15-апрелине чейин региондорду өнүктүрүүнүн учурдагы программаларынын ишке ашырылышын талдап чыгып, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча чараларды кароо:
- өсүүнүн таяныч борборлору принциби боюнча пилоттук шаарларды жана региондорду өнүктүрүүгө басым жасоо менен региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү кластердик мамилени пайдалануу;
- региондордо чакан, орто ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, региондорду экономикалык өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүү;
- региондорду адистештирүүнү бекемдөөгө, алардын атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүүгө, региондо өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кубаттоо;
- 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ирригациялык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана модернизациялоо;
- 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу;
- транспорттук кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо;
- санарип инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана сапатын жакшыртуу;
- саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, региондордо сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле 2024-жылга бардык облустук бириккен ооруканаларды реконструкциялоо жана кайра жабдуу;
- билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, билим берүү мекемелерин, анын ичинде мектепке чейинки жана кесиптик-техникалык мекемелерди куруу жана реконструкциялоо;
- ар бир облуста, айылдарда жана кичи шаарларда заманбап маданий, бош убакытты өткөрүүчү, спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
- чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү;
3) 2018-жылдын 1-ноябрына чейин калктуу конуштарды жана башка аймактык бирдиктерди пландаштыруунун, ошондой эле алардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн типтүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана жарандык коом институттары менен бирге эл аралык донорлор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен региондук өнүктүрүү долбоорлоруна гранттык, техникалык жана кредиттик колдоого артыкчылык берүү маселесин иштеп чыгуу;
5) жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар менен бирге Региондорду өнүктүрүү жылынын идеяларын, анын иш-чараларын жайылтуу боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте 2018-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизсин:
1) тиешелүү аймактарды өнүктүрүү, кадрдык дайындоолор жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды колдонууну контролдоо маселелерин кошо алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү жамааттардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы тууралуу;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жыл сайын республикалык кеңешмелерди өткөрүү тууралуу.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (23)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.04.2018 · № 2397-VI
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 217-б (Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары "Гарантиялык фонд" ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарды…Распоряжение · 25.06.2018 · № 217-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 222-б («Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун натыйжалуу иштөөсүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.06.2019 · № 222-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 68-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана…Распоряжение · 05.03.2020 · № 68-р
- Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 194/27-4 "Токмок шаарынын 2018-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жана 2019-жылга социалдык-экономикалык…Постановление · 25.01.2019 · № 194/27-4
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 119/16-4 "Токмок шаарынын 2017-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга…Постановление · 18.01.2018 · № 119/16-4
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 27-февралындагы № 108 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек менен сыйлоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.02.2019 · № 108
- 1-Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 8 "1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү…Постановление · 28.02.2018 · № 8
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 3 "Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары…Постановление · 29.03.2019 · № 3
- ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2018-жылдын 27-июнундагы № 2517-VI "Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн көп кабаттуу турак-жай курууга жер участогун бөлүү…Постановление · 27.06.2018 · № 2517-VI
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2531-VI "Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү…Постановление · 28.06.2018 · № 2531-VI
- Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 15/58 "Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө…Постановление · 27.06.2018 · № 15/58
- Указ Президента КР 2020-жылдын 8-январындагы ПЖ № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.01.2020 · № 1
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы №18/71 "Кызыл–Кыя шаардык спорт, жаштар, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл-Кыя шаарынын…Постановление · 11.10.2018 · № 18/71
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 30 августундагы № 01 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 «Туруктуу…Приказ · 30.08.2018 · № 01
- Юрьевка айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 27-ноябрындагы № 49/18-27 "Юрьевка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 4- кварталына карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.11.2018 · № № 49/18-27
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 53-б "Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.02.2018 · № 53-б · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 13-февралындыга № 93 "2018-жылдын 11-12-апрелинде Бишкек шаарында Муниципалдык мыкты практикалардын V эл аралык форумун өткөрүүгө өз убагында…Распоряжение · 13.02.2018 · № 93 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 3-декабрындагы № 32 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү…Постановление · 03.12.2018 · № 32
- Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү…Постановление · 15.11.2018 · № 24
- Долоно айылдык кеңешинин 2018-жылдын 04-октябрындагы №24 токтомуПостановление · 04.10.2018 · № 24
- Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2018 · № 6
- Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү…Постановление · 03.08.2018 · № 24
- Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №90 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын…Постановление · 21.11.2018 · № 90
- Боо-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы №13 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү…Постановление · 20.11.2018 · № 13