Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин «Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-апрели № 6 Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» № 2 сандуу жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында «Kyrgyz Y & Q New Energy Power Construction company» жоопкерчилиги чектелген коомунун жел электр станциясын куруу долбоору жактырылсын.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылынын түндүк-чыгыш тарабынан, №881, № 834 контурунан жел электр станциясын куруу үчүн пайдаланууга сунушталган 1500 га жайыт жер аянтынын ичинен 23,62 га жайыт жер аянтын “Башка” жерлер категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Жел электр станциясын куруу иштерин жүргүзүү үчүн жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага
Джодаев А.Б
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон