1-Май айылдык кеңешинин «1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө»токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-февралы №8 1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” 2018-жылдын 10-январындагы №2 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш планды угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары Э.Ажиев жана А.Кожоновдордун сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш план колдоого алынсын.
2. Иш планга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага
Н.Абдырайымов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон